ЖК комитети кафеде тамеки тартууга тыюу салууну биринчи окууда колдоду

Парламенттин социалдык маселелер боюнча комитети коомдук тамактануу жайларында тамеки тартууга тыюу сала турган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Идея боюнча кальян менен тамекини атайын кабинкаларда гана чеккенге уруксат берилет.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси, депутат Дастан Бекешев сунуш кылынган ченем жарандардын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргойт деп эсептейт.

«Бул чара коомдук тамактануу пункттарынын кызматкерлеринин жана тамеки тартпаган кардарлардын ден соолугун сакташ үчүн зарыл», — деди ал.

Мыйзам долбооруна ылайык, кафелер менен ресторандар тамеки чеккен адамдар үчүн атайын кабинкалар менен жабдылат.

Коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салуудан тышкары, эң арзан деген тамекинин баасы 40 сомго чейин көтөрүлөт.

Идея боюнча тамекини кымбаттатуу аны өспүрүмдөр сатып алып чегишине бөгөт болушу керек.

Өкмөт тамеки тартууга каршы биринчи жолу чара көрүп жаткан жок. 2015-жылдын августунан тартып тамеки пачкаларында чылым чегүүнүн кесепеттери тууралуу «коркунучтуу» сүрөттөр тартыла баштаган.


ТЕМА БОЮНЧА: