Кыргызстан 5-6 жыл сайын эле тырмооктун учун басып ала берет деген ойлорго карабастан, жаңыдан башталган саясий сезондун айрым өзгөчөлүктөрүн байкаса болот.

Материалдын түп нускасы Саясий-укуктук изилдөөлөр борборунун сайтында жарыяланган. Автору: Аида Касымалиева.

Атаандаштык

Журналист Аида Касымалиева.

Быйыл президенттик кызмат үчүн ат салышаарын жарыя кылган жана ага даярданган талапкерлердин баары бирдей «салмак категориясында» болуп чыкты. Ресурстары жагынан баары аздыр-көптүр тең чамалаш. Бир талапкер башкаларынан эмитен эле ашып турган абал жок. Башкалары формалдуу гана катышып, ачык эле чабал болгон кырдаал да жок.

Ал түгүл «мураскер» жарыяланып же бийликтин партиясы болгон КСДПдан талапкер чыкса деле, ал башка атаандаштарынын арасынан бөлүнүп чыгып же ал тургай артта калбаш үчүн кыйла кызуу күрөшкө киришке туура келет.

Болжоп болбой турган жыйынтыктар

Кыргызстандагы абалда кийинки президент ким болоорун эч ким билбейт. Бирөөлөр үмүт артат, бирөөлөр божомолун айтат, дагы бирөөлөр баарын Кремль чечет деп ишендиргенге аракет кылат, бирок чындыгында баары бүдөмүк.

Талапкерлердин бирдей күчү, кызыкчылыктарга жараша сүйлөшүү учурунда такай кубулуп турган тандалма топтордун ар кандай ыкташуусу — дайыма түсүн жана турпатын өзгөртүп турган жандуу саясий «килем». Мында негизги оюнчулар бири-бирине байланыштуу жана көз каранды.

Көрүнүшү мындай: баары бири-бирине тапанча такап алган. Бир эле туура эмес кыймыл башка окуяларды ээрчитип, абалдын күтүүсүз өнүгүп кетишине алып келиши ыктымал.

Бийликти тынч өткөрүп берүүнүн татаал аракети

Буга чейин өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева 2005 жана 2010-жылдагы революциялардан кийин 2011-жылы бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берген. Ал кездин өзүнүн кыйынчылыктары бар болчу, бирок ошол учурдагы президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаев атаандаштарынан ишенимдүү озуп бараткан.

Азыр болсо кыйынчылыктар жана кооптуу жагдайлар башка: алты жыл ичинде түптөлүп калган реалдуу бийликти өткөрүп берүү жараяны жүрүп жатат. Бийлик үчүн күрөш оңой эмес, анткени Атамбаевдин заманында президенттикинен тышкары башка да саясий күчтөр бышып жетилди. Эгемен Кыргызстандын тарыхынын оош-кыйыштарын эске алганда, бул жараян кыйла оор.

Бир аз жасалмараак угулса да, бул жагынан президент Атамбаевдин вазийпасы татаал — ал президенттин тынч кетишин жана кийинкиси таза шайлоо менен келишин элдин эсинде калтыргыдай болушу керек.

Шайлоонун жыйынтыгын «жазып койгонго» болбойт, бирок добуштарды сатып алса болот

Шайлоонун жыйынтыгы бурмаланышы мүмкүн экенин айткан айрым саясатчылардын ачуу сөздөрүнө карабастан, Кыргызстанда эми Аскар Акаевдин же Курманбек Бакиевдин заманындагыдай кылып шайлоонун жыйынтыктарын «кол менен тартып» коюуга чын эле болбойт. Эмнеге болбой тургандыгын техникалык жактан майдалап түшүндүрүп отурбайын, бирок эгерде чын эле добуштарды бурмалоо болсо, 2015-жылы парламенттик шайлоого катышкан партиялар аны айтып чыгат болчу.

Алда канча коркунучтуу нерсе — добуштарды сатып алуу. Добуш сатуу биздин менталитетти бузуп, алдамчы схемалардын ишке киришине кыртыш түзүп, шайлоого кылмыш топторунун аралашуусун күчөтүп, бизди уруучулук аң-сезимдин бузулган түрүнө кайтарып барууда.

Эгерде добуш сатууга каршы чара көрүлбөсө, 2017-жылы бир добуштун наркы Кыргызстандын тарыхындагы рекорддук «баага» жетет го деп чочуйм. Ыйман жылында эң ыймансыз нерсе ушул болушу мүмкүн.

Парламент таратылбайт

Жаңы парламенттик шайлоо өткөрүүгө эч кимдин акчасы жок деген даана себептен тышкары, башка да жагдайлар бар. ЖКдагы дээрлик бардык фракциялардан президенттикке талапкерлер чыкканы турат. Алардын баары президенттик кызмат үчүн жарыштан кийин бир жерге кайтып келиши керек.

Парламент азыр — президентти шайлоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлө турган, шайлоо жараянына таасир этүүнүн чыныгы каражаттары колдо турган, шайлоочулардын көзүнө көрүнүп калса боло турган негизги аянтча.

Парламенттин таратылышы кызматы жок же Жогорку Кеңештин тышында калган күчтөргө, ошондой эле туруктуулукту бузууга каршы болбогон адамдарга керек.

Программалардын салгылашуусу

Бул саясий сезон — өз кесибин, өлкөдөгү өзгөчөлүктөрдү жакшы билген жергиликтүү медиа-адистер, кеңешчилер, продакшн-студиялар жана пиар-компаниялар үчүн чоң сыноо.

Көптөгөн талапкерлер өмүрүндө биринчи жолу башка өлкөлөрдөн саясий технологдорду чакыруудан баш тартат болуш керек. Талапкерлердин программаларына жараша пиар-командаларга да баа берилип, кийин аларды ошонусуна жараша ишке чакырышат.

Мурдагыдай эле негизги шайлоочу айылда отурат, бирок ал деле куру убадалардан жана саясатчылардын былык чукушмайынан тажады. Ошону эсепке алганда, быйыл программалар уятка калтыра турган деңгээлде болбойт го деп үмүт кылам.

Кыргызстандын кеңий түшкөн саясий мейкини

Президенттин мураскер даярдабай турганын айткан билдирүүсүнө карабастан, аны баары күтүп жатышат. Бул биринчи иретте бийликтеги топтордун бүйрүн кызытып, алардын позициясын бошоңдотту. Баары бири-биринен «мураскер ушул болуп жүрбөсүн» деп шектенип жаткан кези. Бул айла-амалдарга кеткен күч андан көрө шайлоодо жеңип чыгыш үчүн биригүүгө алда канча натыйжалуу болмок.

2017-жыл — чечүүчү жыл, ал биз баса берип көкөйүбүзгө көк таштай тийген тырмоок дагы эле таман алдыбыздабы же жокпу, ошону көрсөтөт. Жакшы жери, быйыл 2023 же ал тургай 2029-жылдардан кийинки президенттик шайлоолордун карааны көрүнө баштады.

Мен келечекти биринчи жолу ушундай өңүттө: кыргыздын оолукма революциячыл жазын күтпөстөн көрүп жатам.

Негизги сүрөт: «АКИпресс»


ТЕМА БОЮНЧА:

ПИКИР БИЛДИРИҢИЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here