Атамбаев иш сапары менен Белгияга жөнөп кетти

Президент Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Белгияга жөнөп кетти. Ал жактан ал Евробиримдиктин жетекчилиги менен жолугушат. Андан ары Атамбаев Мюнхенге барып, Германиянын канцлери Ангела Меркел менен кезигишет.

Атамбаев Белгиянын падышасы Филипп, Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск, Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер жана Европа Биримдигинин чет өлкө иштери жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Фредерика Могерини менен жолугушат.

Тараптар Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы кызматташтыкты «тереңдетиш» үчүн эки тараптуу документтерге кол коймокчу.

Андан тышкары, Атамбаев коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясына да катышат. Ал жерден ал Германиянын канцлери Ангела Меркел менен жолугушат. Алар аймактык жана эл аралык маселелерди талкуулашат.

Акыркы жолу Атамбаев Европа Биримдигинин өкүлдөрү менен 2016-жылы 14-июлда, Бишкекке расмий иш сапары менен Германиянын канцлери Ангела Меркел келгенде жолугушкан.

Анда Атамбаев Евробиримдикти Орусияга каршы санкциялар боюнча кепке келүүгө үндөгөн. Меркел бул үчүн «белгилүү бир убакыт» өтүшү керек экенин айткан.

Меркел ал кезде өмүр бою абакка кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин Атамбаевдин эсине салган. Ал Атамбаев ага Аскаровдун иши «толук айкындуулукта» карала тургандыгы тууралуу убада бергенин айткан. Атамбаев өзү ошондо бул иш «кайрадан ийне-жибине чейин каралып чыгаарын» билдирген.


ТЕМА БОЮНЧА: