Бишкек: «Космопаркка» бомба коюуга даярдык тууралуу Медакадемиянын ашканасында сөз болгон

ШИИБнин кызматкерлери Медициналык академиянын ашканасында отуруп «Космопаркка» бомба коюлаарын талкуулаган белгисиз адамдар тууралуу кабарлады. Кечээ, 14-февралда, соода-көңүл ачуу борборунун имараты бомба тууралуу билдирүүнүн айынан курчоого алынып, кардарлар менен кызматкерлердин баары имараттан чыгарылган болчу.

ШИИБнин басма сөз катчысы Олжобай Казакбаев белгисиз адамдар Медакадемиянын ашканасында «Космопарк» көңүл ачуу борборунда бомба коюла тургандыгын талкуулашканын айтты.

«Ооба, ошондой сөз болгон деп жатышат. Азыр ал иш менен УКМК алектенүүдө», — деди Казакбаев.

ШИИБ бир кыз ашканада белгисиз адамдар «Космопарктагы» бомба тууралуу сүйлөшүп жатышканын укканын билдирет.

Милиция ырастагандай, ал кыз бул тууралуу жигитине айтып, ал болсо көңүл ачуу борборунун кассасына телефон чалып, күзөттөгүлөрдү эскерткен.

Медакадемиянын басма сөз катчысы Абибилла Пазылов университетке укук коргоо органдарынан расмий сурам келип түшкөн эмес дейт.

«Биз бул маалыматты интернеттен билдик. Жетекчилик бул тууралуу билет, бирок азырынча эч кандай расмий сурам келип түшкөн жок», — деди ал.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет азырынча кырдаалга эч кандай комментарий бере элек.

Авторлошу: Нигина Мамадалиева
Сүрөт: Элвира Муратова


ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек: «Космопарктан» курчоо алынды, бомба табылган жок