Президент «Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө» мыйзам долбоорун сынга алып, аны жеткире иштеп чыгыш үчүн кайра жиберди

Президент Алмазбек Атамбаев «Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө» мыйзам долбоорун «бүдөмүк аныктамалардын айынан» парламентке жеткире иштеп чыгыш үчүн кайра жиберди. Мыйзам долбоорунда эгерде аткаминерлер же алардын туугандары «жеке кызыкчылыгы бар болсо», аларга актыларды талкуулоого жана иштеп чыгууга катышууга тыюу салынган.

Президент мыйзам долбоорунда «аныктамалар бүдөмүк», андыктан ал азыркы түрүндө кабыл алынса аткаминерлер мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү ого бетер «бюрократташтырып» салышы мүмкүн деген бүтүмгө келди.

Президент эгерде аткаминерлер же алардын туугандары «жеке кызыкчылыгы бар болсо», аларга актыларды талкуулоого жана иштеп чыгууга катышууга тыюу салган мыйзам долбоорунун 11-беренесине өзгөчө көңүл бурду.

«Көрсөтүлгөн аныктама кызмат адамы өз милдеттерин жана ыйгарым укуктарын аткарууда жасаган аракеттин кайсынысын болбосун каалагандай чечмелегенге жол ачат жана кызыкчылыктардын карама-каршылыгы болгон чыныгы фактылардын бетин ачууга алып келбейт», — деп билдирет президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү.

Президент аныктамалардын «бүдөмүк» мүнөзү мыйзам бузуучуну жоопко тартууга жол бербейт же ак ниет кызматкерлер негизсиз дооматка кабылгыдай жагдай түзөт деп эсептейт.

«Кызмат адамдары ал тургай зарыл жана жөнөкөй чечимдерди кабыл алуудан да качып, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү […] ого бетер бюрократташтыра башташат», — деп жазылат билдирүүдө.

Президент ошондой эле кызыкчылыгы бар аткаминер конкреттүү түрдө кайсы актыны иштеп чыгууга катышпашы керек экендиги мыйзам долборунда жазылбай калганына да көңүл бурду. Анын пикиринде, эгерде «акт» деген термин менен мыйзамды же өкмөт токтомун түшүнсө, анда каалаган депутатка же өкмөт мүчөсүнө кызыкчылыктардын карама-каршылыгы боюнча айып коё берсе болот.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдик мүнөздө