Бишкек: Курулуштагы кырсыктан улам беш киши ооруканага жаткырылды

«Балдар дүйнөсү» соода борборунун маңдайында жайгашкан «Дордой-Сити» курулуш объектисинде беш метрлик бийиктиктен кулап кеткен беш куруучу ооруканага жеткирилди.

Окуя Бишкектеги Гоголь көчөсү менен Чүй проспектинин кесилишинде 15:20да болгон. ӨКМнин басма сөз кызматынын өкүлү Элмира Шерипова жабыркагандар 4-шаардык ооруканага жеткирилгенин кабарлады.

Объектиде беш куруучу жабыркады.

«Бешинчи кабаттагылар бетон толтуруп куюп жатышкан экен. Ал төртүнчү кабаттын бетон тосмосунун таянычына кулап түшүптүр. Жабыркагандар №4-шаардык ооруканага жеткирилди», – деп билдирди Элмира Шерипова. Кийинчерээк ӨКМ имараттын 5-кабатындагы плита кулап түшкөнүн тактады.

Жабыркагандардын үчөө реанимацияда жатат.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын кеңешчиси Елена Баялинова жабыркагандардын төртөө №4-шаардык ооруканага, бирөө Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнө жеткирилгенин билдирди.

Аталган шаардык оорукананын өкүлдөрү жабыркагандардын үчөө реанимацияда жатканын, бирөө медициналык текшерүүдөн өтүп жатканын кабарлашты.

Сүрөт: Азамат Каработоев


ТЕМА БОЮНЧА: