Мэр убадасын аткарган жок, куруучулар «Слоники» паркын бузуп киришти

Бишкектин мэри Албек Ибраимовдун убадасына карабастан, куруучулар «Слоники» паркы турган жерде курулуш иштерин баштап киришти. Жергиликтүү тургундар ага каршы чыгып, курулуш иштерин токтотууга кайрадан аракет кылышууда.

Жергиликтүү тургундар Айни жана Алиаскар Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде турган «Слоники» паркынын жеринде «TS-Group» курулуш компаниясынын жумушчулары аң каза башташканын кабарлашты. Январдын башында тынч митингде мэр Албек Ибраимов парк сакталат деп убада берген.

«Ал жакка эч нерсе курулбайт, анткени уруксат жок», — деген ал.

«Шаардык демилгелер» фондунун башчысы Раушана Саркеева куруучу ишкана парктын жеринде курулушка ылайыктап жерди камдай баштаганын фейсбукта жазып чыкты.

«Куруучулардын өкүлдөрү курулушка уруксатты көрсөтүшкөн жок. Бул болсо курулуш мыйзамсыз дегенди билдирет», — деп жазды ал.

«Слоники» скверинин жанындагы үйлөрдүн биринде жашаган Нина Чернышова Kloop.kgге окуя болгон жерге келген мэриянын жана «Бишкек башкы архитектуранын» өкүлдөрү курулуш мыйзамсыз экенин ырасташканын айтты.

«Мэр өзү мэр болуп шайланган күнү бул аянтчада курулуш жүргүзүлбөй турганын айткан. Бул жерде бизде футбол, баскетбол, волейбол үчүн атайын асфальтталган аянтча бар, ошонун баарын талкалап атышат. […] Торду алып, өз мамыларын коюп, пил түрүндө жасалган бетон айкелчелерди алып жатышат», — деди Чернышова.

Айкелдердин бузулмакчы болгонго чейинки көрүнүшү.

«TS-Group» компаниясынын башчысы Мирлан Рыскулов январдын башында курулуш пландалып калганын, ал эми сквердин ордунда мэриянын тапшырмасы менен волейбол аянты курулаарын айткан.

Директор райондун эскизин көрсөтүп, парктын ордуна имарат салбай эле аны калыбына келтирээрин айткан. Анын сөзүнө караганда, бактар да паркты калыбына келтириш үчүн кыйылган.

2015-жылы паркты «Шаардык демилгелер» фонду калыбына келтирип, кооздоп чыккан. Сүрөт: Дмитрий Мотинов.

Бирок кийин ал баары бир имарат салуу пландалып жатканын, ал эми жаныбарлардын фигуралары «орунду болушунча үнөмдөп» жайгаштырылаарын моюнга алган.

Прокуратуранын текшерүүсү

Жергиликтүү тургундар арыз менен шаардык прокуратурага кайрылышкан. Алардын арызына жооп катары курулуштун мыйзамдуулугу текшерилген.

Прокуратура ижара келишимин түзүүдө Бишкектин мэриясы Жер кодексин жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын токтомун бузганын аныктаган.

Куруучу компаниянын уруксаты болбогонуна, долбоор «Бишкек башкы архитектура» менен макулдашылбаганына карабастан, анын табыштамасы менен «Зеленстройдун» жумушчулары 57 бакты кыйып салышкан.

Бул факты боюнча шаардык прокуратура иш козгоп, «Бишкек башкы архитектурага» мыйзам бузууну кечиктирбестен токтотууну, ал эми Мамэкотехинспекциянын Бишкек боюнча башкармалыгына мыйзамсыз курулушту токтотууну талап кылып буйрук жөнөткөн.


ТЕМА БОЮНЧА: