Бишкектин түнкү клубдары менен кыргыз интернетинде каалаган табитке жараша секс сунуштаган жарыялар быжырайт. Түндү өткөрүү үчүн кыздарга гана акча төлөш керек эмес: акчага өзүнүн кызматын сунуштаган эркектер да бар. Өзгөчө кардарлары, баалары жана милиция менен болгон көйгөйлөрү тууралуу эркек секс кызматкерлер айтып беришти.

Каармандардын аттары коопсуздук максатында өзгөртүлдү.

Бул материалда иллюстрация катарында Тайланддагы эркек сойкулардын сүрөттөрү пайдаланылды. Сүрөттөр Yvision сайтынан алынды.

Марат: «Эч кимге деле арыздана албайбыз, чыдагандан башка арга жок»

Марат төрт жылдан бери акча үчүн эркектер менен да, аялдар менен да жатат. Бул убакыт аралыгында ал өз келбетине кылдаттык менен мамиле кыла баштаган: машыгып, терисин карап, модалуу чач жасалгасы менен жүрөт. Мунун баарын ал кардарларга жагыш үчүн кылат. Анткени секс — анын башкы киреше булагы.

Марат өзүн гей, транссексуал же бисексуал деп эсептебейт. Бирок ошондой болсо да ал эркектер менен да, аялдар менен да жата берет. Кээде эркектер аны аялдардын кийимин кийүүсүн каалашып, ал кардарларынын айткандарын кылат.

Ал үй-бүлөсүнүн мойнуна минип ашыкча жүк болбоюн деп өз денесин сата баштаган. Анткени ал университетте окуп жаткан кезде ата-энесинен акча сурай бергиси келген эмес.

Мараттын кантип акча таап жашоосун өткөрүп келатканы тууралуу анын жакын досторунан башка эч ким билбейт. Башкалар үчүн ал модель катары кошумча акча иштеп тапкан кадыресе студент. Мараттын пикиринде, сойкулук — кыргыздарга таандык болбогон кандайдыр бир жаман нерсе эмес, бул жөн гана ал акча тапкан жол.

Ошентсе да анын кесибин коопсуз деп айтууга болбойт. Сойкулук чөйрөсүндө физикалык, моралдык же болбосо материалдык жактан болсун, эч кандай кепилдик жок. Кээде кардарлар «эч нерсе төлөбөй, "кийин берем" деген убадалар менен тойгузуп» коёт.

Анан, албетте, эч нерсе беришпейт. «Мени жөн эле эч нерсе төлөбөйм деп, "тур нары" деп коюшат. Эч нерсе кыла албайсың, аргасыз буга моюн сунуш керек. Эч кимге арыздана да албайсың, анткени башкалар билип калабы деп коркосуң», — дейт ал.

jzi1lY82rqn5MDbA0Hg14a3q8H8gjv

Марат карыганга чейин сойкулук менен алектенейин деле дебейт. Бул чөйрөдө эч ким улгайып калганга чейин жүрбөйт. Ал азыртан эле өзүнүн жашоо таризи ага таасир бере баштаганын сезген. Болгондо да терс жагынан. Бүт тапкан каражаты өтө тездик менен кайра сарпталып кетет: анткени жумушта аябай көп ичип, маңзаттарды колдоно баштайсың.

«Баш тартканга болот, бирок анда кардарлардын каалоосуна каршы туруштук бере албай каласың. Көпчүлүк кардарлардын кебетеси да суук», — деп кошумчалайт ал.

Мараттын айтымында, бул чөйрөдө транссексуалдар менен трансгендерлерге эле кыйын: аларды көбүнесе укук коргоо органдары коркутуп-үркүтүшөт. Алар милиционерлер үчүн оңой олжо. Бир эле «бир туугандарыңа айтып коёбуз» деген коркутуу менен милиционерлер мындай адамдарды баш ийдирип алышат.

Бирок жөнөкөй сойку аялдарды да эркектердей эле аябай «басынтышат».

«Алардын башкы талабы биздин акча төлөөбүз керектиги. Алар бизди өтө деле жек көбөйт. Бары жөпжөнөкөй: же баарын [милиционерлерди] тейле, же болбосо төлө», — деп айтып берди Марат, ийиндерин куушуруп.

Марат үчүн мындай коркутуп-үркүтүүлөр кадыресе көрүнүшкө айланып калган. Анткени сойкулар эч жерден коргоо ала алышпайт. Анын үстүнө Мараттын туугандары да анын кайда, кантип акча таап жатканы жөнүндө ойлоруна эч нерсе деле келе элек.

Дима: «Кызмат акысы кардарлардын фантазиясынан көз каранды»

Дима — трансвестит. Анын узун жана жакшы каралган чачтары жана ичке бели бар. Ал ушунчалык арык чырай болгондуктан, эгер артынан көрүп калсаң, келбеттүү бийкечтей эле болуп калат.

Ал эркектерге секс кызматын көрсөтүп келатканына «көп деле болгон эмес»: эки жылдай болуп калды. Дима башка секс кызматкерлери менен таанышкандан кийин эркектер менен жата баштаган. Алар кездеше баштап, натыйжада ага «кардарларды тейлебейсиңби» деп сунуш кылышкан.

«Сойкулукка адамдар өздөрү барышат. Өздөрүн товар катары сунуштай башташат. Бул бир гана уландарга эле эмес, кыз балдарга да тиешелүү. Анткени башталышында бул акча табуунун эң жөнөкөй жолу болуп көрүнүшү мүмкүн», — деп айтып берип жатты ал.

Диманын айтымында, эгерде «өзүңдү сунуштагың» келбей жатса, анда Бишкектеги көпчүлүк түнкү клубдарда сойкуларды табуу оңой эле, ошолор аркылуу кардарларды тапканга болот. Анын айтканына караганда, бир сойкуну Бишкектеги кайсы клубдан болсо да кезиктиргенге болот.

Кардарларды табуунун дагы бир жолу — коомдук желелер же атайын форумдар. Бир нече фотосүрөт чыгарып, интернетте жарыялап эле койсо, кызыккандар ар дайым табылат.

Бул жолдордун ичинен Дима «апашалардын», башкача айтканда, кыйла тажрыйбалуу сойкулардын кызматтарынан пайдаланып турат. Алар Димага кардар таап берип турушат.

«Кызмат акы 200 сомдон башталат, бул секс кызматкердин статусунан көз каранды. Албетте, бир түнүнө 1000 сомдон алгандар да бар. Менде мисалы андан да көп болгон учурлар болот. Ар биринин өз баасы бар. Кызмат акысы кардардын фантазиясынан көз каранды, түшүнүп атасызбы? — дейт Дима. Бишкекте "доллар сойкулар" да бар, бирок алар таптакыр башка деңгээлде иштешет».

Өз кардарларына ал жылуу мамиле кылганга аракет кылат, бирок бул дайыма эле жагымсыз жагдайлардан куткарбайт. Сойкулук — кооптуу кесип. Бир жолу Диманын кардары бычакташууга чейин барган окуя да болгон. Кардары аны бычактап, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.

«Бул кесипти коопсуз деп атоого да болбойт. Кээде өздөрүн да түшүнбөгөн кардарлар болот: секс кызматкерлерди алып, секс менен алектенип, андан соң, орой айтканда, ишин бүтүрүп, анан өнөктөшүнө жек көрүү сезими ойгонуп кетет. Жөн гана согуп салуу менен калбай, кол салып, токмоктоп салышат», — деп айтып берди ал.

Дима кокустан эле бардык сойкуларды жалгыз деп эсептөөгө болбостугун кошумчалай кетти: көпчүлүгүнүн түгөйлөрү бар, атүгүл эмне менен алектенип жатышканын да билишет. Бирок алар мамилелерин бузуп албашы үчүн бири-бирине чындыктын бир бөлүгүн гана айтышат.

«Эгерде бул трансгендер сойку кыз болсо, анда өнөктөшүнүн эгосун басынтпаш үчүн ал өзүнүн активдүү ролу тууралуу айтып берет. Сойкулук, чын-чынына келгенде, трансгендерлер менен бисексуалдардын арасында көп кездешет», — деп түшүндүрдү Дима.

Секс кызматкерлер аткаминерлерди жактыра беришпейт. Аткаминерлер сойкуларга эң көп келген кардарлардын бири болгонуна карабастан аларды эки жүздүүлүгү үчүн жек көрүшөт. Алардын көпчүлүгү теле экрандарда салттык үй-бүлө баалуулуктары үчүн жан далбастап күрөшкөндөй көрүнгөнү менен чындыгында алардын «бир нече туруктуу жаш жигиттери» бар.

Амир: «Кукольд жигиттерге өз сүйүктүү кыздарынын башка бирөөлөр менен жатканы аябай жагат»

Амирдин оң кулагында үч, ал эми тилинде эки сөйкөсү бар. Анын бою узун жана кара-тору. Анын тармал чачтарында кандайдыр өзгөчөлүк бардай, бирок чачын өтө эле кыска алып жүрбөгөнүнө караганда ал деле муну билгендей

Ал бисексуал. Ал өз кызматын коомдук желелер аркылуу сунуштайт. Саатына ал 1500 сом алат: эгерде кардар жагымдуу болсо, андан ары улантканга макул болот.

Амир өз кардарларын аябай кылдаттык менен тандап, чет элдиктер менен кезигишүүнү каалайт. Анын айтымында, кардарлары «көбүнчө 30дан ашкан колунда бар адамдар».

«Эгер жашың 20дан 30га чейин болсо, адамдар менен бат тил табыша алсаң, өзүңө жакшы карап, спорт менен машыгып, адамдардын жакшы-жаманын ылгай алсаң, анда сен бул бизнесте белгилүү болуп калсаң болот», — деп айтып берди Амир. Ал кыстара кеткендей, секс чөйрөсүндө иштеш үчүн «териң калың болушу керек».

Анын секс чөйрөсүндөгү алгачкы тажрыйбасы «өтө деле стандарттуу болгон эмес»: аны үйлөнгөн свингер (өз өнөктөштөрүн башкалар менен бөлүшкөн топтук секс) түгөйлөр чакырышкан.

Ал көбүнчөсү бир канча өнөктөштөрдөн турган адамдардан табыштама алат: ЭАЭ (эркек-аял-эркек), ЭАА (эркек-аял-аял) же БДСМ болушун каалайт. Кызыктуу кардарлары тууралуу суроо жооп берип жатып Амир мындайча ой бөлүштү. Секс бизнесиндеги төрт жыл ичинде ал өзгөчө фетиштери менен болгон кукольд жигиттерди көп кезиктирген.

«Мындай кукольд жигиттерге өз сүйүктүү кыздарынын башка бирөөлөр менен жатканы аябай жагат. Аларга секске катышуу маанилүү деле эмес. Алар жараянга көз салып эле ырахат ала алышат. Албетте, сага мындай абалда болуп калуу ыңгайсыздык жаратат, бирок сен эч нерсеге маани бербей өз ишиңди кылышың керек», — дейт ал.

Учурда Амир 24 жашта. Ал келечекте Кыргызстанда эскорт агенттигин ачууну кыялданат. Кыялын орундатыш үчүн ал акча чогултуп жатканын айтты жана келечекте Кыргызстанда секс кызматкерлерине бейтарап мамиле кылып калышат деген ойдо.

Инсар: «Азыр ишенимдүү жолдоштор калган жок»

Инсар башкалардан көп деле айырмаланбайт: бою кыска, толмоч. «Кадимки эмгекчил адам» — аны ушинтип сүрөттөсө болот. Бирок ошондой болгонуна карабастан башка эркек сойкулардай эле анын телефонуна да интернеттеги кулактандыруулардан тынбай табыштамалар келип турат.

Ал гетеросексуал жана жашы болжолдуу 30да. Анын үй-бүлөсү да бар. Бул чөйрөдө ал акча иштеп табыш үчүн гана жүрөт. Келинчеги менен жашап, балдарын тарбиялап жатканына карабастан Инсар кулактандыруу боюнча телефон чалган аялдар менен жатып келет.

«Менин аялым бар, балдарым да. Бирок, тилекке каршы, жубайым үчүн менин темпераментим аябай ашыкчалык кылат. Ошондуктан мен аны ашыкча кыйнай бербей, башка кыздар менен жатам», — дейт ал. Инсардын ою боюнча, азыр ишенимдүү жолдоштор калган жок: бардык жубайлар бири-биринин көзүнө чөп салат.

Бир жыл мурун жөн эле кызыгып, интернетте кулактандыруу жайгаштырган. Анда дароо эле бир нече аялдар байланышка чыккан. Анын биринчи табыштама түнү үй-бүлөлүү түгөйлөр менен өткөн: жолдошу өз көзү менен жубайын Инсар менен жатканын көргүсү келген.

Инсар бул кесипте башкысы кардарлар менен бир гана өз аймагында жолугушууну эске алыш керек деп эсептейт. Ал ошондуктан кардарларын мейманканаларга чакырат. Эгерде кардар шек-күмөн жаратса, ал кардарын тейлегенден толугу менен баш тартат.

«Бул кесип үчүн тажрыйбага ээ болуш керек. Куни кылганды билиш керек. Кичинекей аспап менен деле иштегенге болот, эгерде башка нерселерди кылганды билсең», — деп айтып берди Инсар.

 

Таң калычтуу окуялар да болот. Бир жолу бир кыз менен секс учурунда Инсардын презервативи жоголуп кеткен. Ал кыз аябай кызып калгандыктан алар презервативсиз эле уланта беришкен.

Дагы бир жолу башка бир кыз менен жолугушуп, анын өтүнүчүнөн баш тартканга туура келген. «Ал мени страпон менен сиккиси келди. Мен гетеросексуал болгондуктан пассивдүү анал секси мен үчүн эмес. Кардарлар бизди тандай алгандай эле, биз да аларды тейлейбизби-жокпу тандай алабыз», — деп жыйынтыктады ал.

Дарыгер: «Көпчүлүгү ийгиликтүү дарыланып чыгышат»

Уролог-сексопатолог Мирлан Айбашев кардарларынын купуялуулугун сакташ үчүн өз кардарлары тууралуу айтып бере албайт. Бирок ал бул кесипти аркалаган эркектер көбүнесе ички жаракаттарына жана орой мамилелерге арыздана турганын жашырган жок.

Айбашевдин айтымында, текшерүүдөн баары өтүп, дээрлик баары дарыланып кетишет. «Секс кызматкерлердин көйгөйү көбүнчө бирдей эле: сезгентип, инфекция жуктуруп алышат да, кайра эле ийгиликтүү дарыланып сакайып кетишет», — дейт ал.

Сексопатологдун пикири боюнча, сойкулук көрүнүшү — бул өзү кыргыз экономикасынын аянычтуу абалда экенинин чагылышы. Көпчүлүк кесиптерге талаптар деле жок болгондуктан бул жаш жигиттерди туруктуу жумуш менен алек кыла турган иш да жок.

«Эгерде өлкө бир аз өнүккөн болгондо, адамдар өз денесин сатпайт эле, мындан улам да дарыланганга туура келмек эмес», — дейт Айбашев.

Укук коргоочу: «Милиционерлер оңой эле туугандарын жана жакындарып таап коё алышат»

Укук коргоочу Михаил Виленскиге секс кызматкерлер такай кайрылышат. Анткени аларды Бишкектин түнкү клубдарында дайыма рейд өткөргөн милиция кызматкерлери кармап алышат.

«Алар чакыруу боюнча барган жеринде милициянын буктурмасына түшүп калган учурда эмне кылышын билбей калышат. Мындай учурда кантип жардам бермек элем? "Күтүп тургула, коё бергенде акча берип койгула" деп айтам. Аларды бейбаштык үчүн кармашат», — дейт ал.

Анын айтымында, милиционерлердин максаты — секс кызматкерлерин акча төлөөгө мажбурлоо. Алар үчүн бул кандайдыр бир кошумча каражат. Сойкулардын туугандары алардын эмне менен алек болгонун билбеген учурлар да болот, мындай учурларда милиционерлер коркута башташат. Ушундай эле учур трансгендер болгон секс кызматкерлеринде да кездешет.

«Милиционерлер оңой эле [секс кызматкерлердин] туугандарын жана жакындарып таап коё алышат. Эгерде сойкулар каршылык көрсөтө башташса, алар токмоктой башташат. Алардын акча төлөшүн талап кылышат», — дейт Виленски.

Кыргызстандагы укук коргоочу кесиптештеринин тажрыйбасына таянып Виленски белгилегендей, мурда өлкөдө сойкулук үчүн көп деле кармабай, секс кызматкерлери өз кардарларын борбордук көчөлөрдө эркин эле издей алышкан.

Виленскинин ишендиришинче, былтыр жайдан бери «жез кемпирлерге аңчылык» башталып, кармоолор жана штрафтар уланып келатат.

Милиционерлер жарым жылдан бери сойкуларды бейбаштык үчүн мыйзамсыз кармап келатышат. «Мурда мындай болгон эмес, кыздар балдар менен кеңири иштеп келишкен», — дейт Виленски.

Милиция: Коркутуп-үркүтүү жана рейд болгон жок

Бишкек ШИИБинин басма сөз борборунун начальниги Олжобай Казакбаев акча үчүн кызмат көрсөткөн эркек сойкулар тууралуу Kloop.kgнин суроосуна таң калды.

Анын айтымында, милиция кызматкерлери эркек сойкуларды коркутуп-үркүтпөйт жана рейд жүргүзбөйт. Бул тууралуу расмий маалыматка да ал ээ эмес.

«Билбейм, эркек сойкуларга рейд жүргүзүлгөн эмес. Көбүнчө түнкү клубдарда кимдир бирөөнү кармашат, анда да болгондо бейбаштык үчүн», — деди ал.

Психолог: «Алар да башка адамдардай эле коомдун өкүлдөрү»

Эркек сойкулар жугуштуу жыныстык дарттардан жана милициянын басмырлоосунан эле жабыркашпайт. Психотерапевт Анна Ордулинин пикиринде, секс кызматкерлер психологиялык жактан да зыян тартышат.

Сойкулук физикалык жактан алып караганда адамдарды сезими жок кылып коёт. Секс кызматкерлерине зомбулук кылуу кеңири тарап кеткендиктен улам бул кесипти аркалаган адамдарда өзүнө болгон ишеничи азайып, өзүнөн күмөн санап, өзүнө өзү кол салуусу күчөйт.

«Кыргызстанда секс кызматкерлер, айталы, Европа өлкөлөрүндөгүгө караганда көбүрөөк зомбулукка кабылышат, болгондо да олуттуу. Шылдыңдоо, кыйноо жана кыздар-балдарды өлтүрүп кеткен учурлар да болгон», — деди Ордули.

Мына ушунун баарынан жана сексуалдык байланыштардан улам адамдар кандайдыр бир нерсени сезбей калышат. Ордулинин пикири боюнча, секс кызматкерлеринин паранойясы менен депрессиясы үстүртөн дегенге болбойт. Алар терең көйгөйлөрдөн жабыркап калган болушу мүмкүн жана мындайды дарылоо оңой эмес. Бул көбүнесе мындай кесипке жакшы эмес жашоодон келип калгандыктан улам болот. Мындай адамдар бала чагында көп кыйналып, азап тарткандыктан чоңойгондо алардын көп деле тандоосу калбай калат.

«Бул адамдар травма алган, бирок алар коомго коркунуч туудурбайт. Алардын көпчүлүгү убакыттын өтүшү менен калыбына келишет».

Авторлошу: Дина Эдилева


ТЕМА БОЮНЧА: