2017-жылы жайында Бишкекте биринчи ирет дзюдо боюнча Азия чемпионаты өткөрүлөт

Кыргызстан 2017-жылы жайында өспүрүмдөр жана жаштар арасында дзюдо боюнча Азия чемпионатын кабыл алат.

Дзюдо федерациясынын басма сөз катчысы Азамат Исабеков Kloop.kg менен болгон маекте чемпионатка 30 өлкөнүн спортчулары катышаарын айтты.

«Федерация мындай масштабдагы иш-чараны биринчи ирет өткөрүп жатат», — деди Исабеков.

Анын айтымында, иш-чара Кыргызстандын бюджетинен жана Азия дзюдо биримдигинен каржыланат.

«Биз Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке кат жазып, ал бизди колдоду, анткени бул иш-чара өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу өткөнү жатат», — деди Исабеков.

Чемпионат Кыргызстанда өтөт деген чечим 11-февралда Парижде кабыл алынган. Кыргызстандын Дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев Азия дзюдо биримдигинин башчысы Обайд Аль-Нази менен контрактка кол койду.

Чемпионат «Арча-Бешик» калктуу конушунда Орусиянын «Газпром» ишканасы салып берген дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде өтөт.


ТЕМА БОЮНЧА: