Брюссел: Атамбаевдин автоунааларын Аскаровду колдоп пикетке чыккандар тосуп алышты

«Amnesty International» уюмунун активисттери Брюсселде укук коргоочу Азимжан Аскаровду колдоп пикетке чыгышты. Пикет Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин автоунаалары өткөн көчөнүн боюнда болгон.

«Amnesty International» уюмунун активисттери президент Атамбаев Европа Биримдигинин төрагасы Дональд Туск менен жолугушуп жаткан Европа Кеңешинин имаратынын алдында чогулушту.

Укук коргоочулар өз талаптарына Атамбаевдин көңүлүн буруш үчүн ушул жерди атайын тандап алышкан.

Акциянын катышуучулары өмүр бою абакка кесилген Азимжан Аскаровдун сүрөттөрү бар плакаттарды, «Аскаровду бошоткула», «Аскаровго адилет сот» деген ураандарды кармап турушту.

Активисттер Аскаровду бошотууну талап кылып жатышканда Атамбаевдин автоунаалары алардын жанынан өттү. Президенттин администрациясы азырынча эч нерсе дей элек. Атамбаев бул маселени Туск менен жолугушканда талкуулаган жок.

Укук коргоочу Азимжан Аскаровду колдогон эл аралык «Amnesty International» уюмунун активисттеринин пикети.

Эл аралык уюм Аскаровдун иши анын укук коргоочулук кызматына байланыштуу «саясий жактан негизделген» деп эсептейт.

«Аскаровго каршы айыптоо бурмаланган жана саясий жактан негизделген, ал — жалаң адам укуктары жаатындагы ишмердүүлүгү үчүн түрмөгө камалган абийир туткуну», — деп жазат «Amnesty International» өз сайтында.

Чүй облустук соту 24-январда Азимжан Аскаровду кайрадан өмүр бою эркинен ажыратууга өкүм чыгарган. Ал «жапырт баш-аламандык уюштурган», «улут аралык кастыкты козгогон» жана «киши өлтүрүүгө катышкан» деп айыпталууда.

Азимжан Аскаров — Кыргызстандын түштүгүндө жашаган өзбек улутундагы укук коргоочу. Ал милициянын кыйноосу тууралуу маалымат бергени менен белгилүү болгон.

Аскаров 2010-жылдын 15-июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү улут аралык кагылышта кармалган.

Укук коргоо органдары Аскаров Бишкек-Ош жолун тосууну уюштуруп, ошол учурда милиция кызматкерлери токмок жеп, бир кызматкери киши колдуу болгон деп билдирген.

Анын адвокаттары ага каршы козголгон иш көптөгөн мыйзамдарды бузуу менен жүргүзүлүп, анын ичинде кыйноо колдонулганын, өкүм болсо милиция кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүнүн негизинде гана чыгарылганын айтышкан.

БУУнун Адам укуктары боюнча комитети 2016-жылы Кыргызстандын бийлигине Аскаровдун ишин кайра карап чыгып, камактан бошотууга кеңеш берген. Бул кеңеш жарым-жартылай аткарылган, бирок иш кайра каралгандан кийин Чүй облустук соту укук коргоочуну өмүр бою эркинен ажыраткан өкүмдү күчүндө калтырган.

Ошондон кийин БУУнун Адам укуктары боюнча улук комиссары Зейд Раад аль-Хуссейн Чүй облустук сотунун укук коргоочу Азимжан Аскаровду өмүр бою эркинен ажыратуу тууралуу өкүмү БУУнун Адам укугу боюнча комитетинин чечимине «тикелей карама-каршы келээрин» айткан.

Евробиримдиктин өкүлдөрү «демократияга ыктаганы менен» белгилүү болгон Кыргызстандан сот адилеттигин жана Азимжан Аскаровду кыйноонун далилдерин жакшылап иликтөөнү күтөөрүн айтышкан.

Сүрөт: «Amnesty International»

ТЕМА БОЮНЧА: