«Акылдуу эсептегичтин» күнөөсү жок: «Түндүкэлектр» абоненттерге акчасын кайтарып бербейт

Улуттук энергохолдингдин абоненттери январь айында электр энергиясына көп эсеп келгенине арызданышкан. «Түндүкэлектр» компаниясы «акылдуу эсептегичтердин» ишин текшерип, жабыр тарткандарга акчасын кайтарып берүүгө убада берген болчу. Бирок текшерүү эсептегичтердин ишинде эч кандай мүчүлүштүк болбогонун көрсөткөн.

«Түндүкэлектрдин» адистери эсептегичтердин ишин текшерип, бузулбай эле иштеп жатканын аныкташкан. Январь айындагы эсептегичтердин көп иштегени электр энергиясын көп пайдалануу менен байланыштуу болгон. «Түндүкэлектрге» 17-февралга карата жалпы 700дөй нааразы болгон абоненттер кайрылган.

«Кайрылган абоненттредин ою боюнча, көп эсептин себеби "акылдуу" эсептегичтердин туура эмес иштегенинде», — делет мекеменин билдирүүсүндө.

Абоненттерден арыз келип түшкөндөн кийин эсептегичтерди адистер текшерип чыгышкан. Адистердин корутундусу боюнча, эсептегичтерде мүчүлүштүктөр табылган эмес.

Адистер абоненттердин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, кайрылгандардын ичинен 593ү арыздарын кайтарып алып эсептерин төлөшкөн. Калган 59у эсептелген суммага макул болбой койсо, дагы 36сы каралууда.

Комиссиянын корутундусуна макул болбогон абоненттердин эсептегичтери «Түндүкэлектрдин» метрология жана автоматика кызматынын өлчөө лабораториясына же Бишкектеги тажрыйба, сертификация жана метрология борборуна (Мамстандарт) жөнөтүлөт.

Буга чейин Бишкектеги энергосбыттан түшүндүрүшкөндөй, январь айындагы «акылдуу эсептегичтерден» ири сумма эсептелгени интернеттеги мүчүлүштүктөргө байланыштуу болгон.

Абоненттерге орточо пайдалануу өлчөмүндө эсептеп, калган пайдаланган киловаттарды кийинки айга өткөрүп коюшкан.


ТЕМА БОЮНЧА: