Депутат Шыкмаматовго каршы «коррупция» үчүн иш козголду

Башкы прокуратура «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовго каршы кылмыш ишин козгоду. Ал 2011-жылы кызматтык автоунааларды сатып алуу боюнча «жасалма келишимдерди» түзгөн деп айыпталууда.

Башкы прокуратура Шыкмаматов Эсептөө балатасынын мүчөлөрүнө кызматтык автоунааларды сатып берүүгө көз салган тендердик комиссиянын курамында болгонун билдирүүдө.

Азыр ал автоунаалар тенден өткөрүлгөндөн кийин сатып алынганы тууралуу «жасалма документтерди» даярдап берген деп айыпталууда. Башкы прокуратуранын пикиринде, Эсептөө палатасы чындыгында тендер өткөргөн эмес.

«Чындыгында тендер өткөрүлгөн эмес, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторлору жеке адамдар сатып жаткан автоунааларды өздөрү таап тандап алышкан», — деп айтылат Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Шыкмаматов тендердик өтүнмөгө өз аялынын автоунаасын да киргизип, аны 14600 доллардан ашыгыраак баага саткан. Бирок прокуратура бул автоунаанын чыныгы баасы 10 миң доллар деп эсептейт.

Шыкмаматовго каршы кылмыш иши «Кызмат кагаздарын жасалмалоо» жана «Коррупция» деген эки берене боюнча козголгон. Башкы прокуратура депутат мамлекетке «бир топ зыян» алып келген контракт түзгөн деп эсептейт.

Шыкмаматов өзү болсо аялы автоунаа сатканын, бирок ЭСептөө палатасына эмес, кийин тендерди утуп чыккан жеке фирмага сатканын ырастады.

«Алар автоунааны өздөрү койгон баада сатышкан. Бизге алардын эч кандай тиешеси жок. Эсептөө палатасы ал автоунааны эмгиче пайдаланып жүрөт. Абалы жакшы», — деди ал «Заноза» басылмасына.

Депутат өзүнө каршы козголгон иштин артында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Абдил Сегизбаев турганын, ошентип «өч алып жатканын» айтты. «Ал сот алдында да, Кудай алдында да жооп берет», — деди Шыкмаматов.

Алмамбет Шыкмаматов — акыркы жылы президент Алмазбек Атамбаевди катуу сындап келаткан «Ата Мекен» фракциясындагы саясатчылардын бири.

Мурда мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага каршы ал юстиция министри болуп турган кезинде Максим Бакиевдин юристи Алексей Елисеевге адвокаттык лицензия бергени үчүн кылмыш иши козголгон.

Азыр прокуратура Кипрге барып келген соң Атамбаев бул аралда мүлкүн катып жатат деп жарыялаган «Ата Мекендин» башчысы Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсүн текшерип жатат.

Атайын кызматтар Текебаев, Шыкмаматов жана Салянова үчөөнү тең «Мегаком» уюк операторунун акцияларын сатууда кызыкчылыгы болгон деп шектенүүдө.