Кыргызстандык окуучу Орусиядагы өнөр сынагында эң көп добуш алгандардын катарында

НТВ телеканалынын жаңы музыкалык долбоорунун катышуучулары добуш берүүнүн алгачкы 48 саатында 120 миң лайк топтошту. Долбоордун өзгөчөлүгү – анда катышкандар балдар үйүндөгү жана асырап алган үй-бүлөлөрдөгү балдар.

НТВ телеканалында балдардын эл аралык «Сен суперсиң! (Ты супер!)» вокал сынагы башталды. Долбоордо КМШ жана Прибалтика өлкөлөрүнүн балдар үйүндөгү, интернат мектептериндеги жана асырап алган үй-бүлөлөрдөгү 7-18 жаштагы өспүрүм балдар катышат.

Аталган шоунун биринчи берүүсү 11-февраль күнү кечинде көрсөтүлгөн. Биринчи эле күнүндө берүүнү желеде 200 миңден ашык адам көргөн. Сынакта 92 бала ат салышууда.

Музыкалык долбоордун колдонмосу же сайты аркылуу катышуучуга добуш берсе болот.

Кыргызстандын атынан бир гана Урмат Мырсаканов катышып жатат. Анын видеосу долбоордун сайтында 18 миңден ашык добуш алган.

Ал 12 жашта жана карындашы жана иниси менен үй-бүлөлүк типтеги балдар үйүндө жашайт.

Ал учурда тандоо туруна даярданып, вокал боюнча мугалимдерден сабак алып, долбоордун башка катышуучулары менен убактысын өткөрүүдө.

«Биз балдар менен достошуп алдык. Чогуу сабактарга, бассейнге барабыз, ойнойбуз. Вокал боюнча сабактар кызыктуу өтүүдө, мага баары жагып жатат, мен аракет кылып жатам. Балдар өтө көп. Кыргызстандан мен өзүм элемин», — деп айтып берди Мырсаканов.

Кыргызстандык талантуу Урматты азырынча экрандан көрсөтө элек. Балким биз аны 18-февралда саат 23:00дө өтө турган тандоо турунун кезектеги берүүсүнөн көрө алабыз.

Калыстар тобунун мүчөсү, Орусиянын эмгек сиңирген артисти Виктор Дробыш долбоордун максатын алкышка татыктуу деп атаган.

«Менин оюмча, бул музыкалык долбоордун оор жашоого кабылгандар үчүн жакшы жана алкышка татыган миссиясы бар. Анан дагы эң маанилүүсү — катышуучулардын балдар экени», — деген ал.

Калыстар тобуна, ошондой эле, ырчы Ёлка, опера жана эстрада ырчысы Маргарита Суханкина жана ырчы Стас Пьеха кирген.

«Сен суперсиң!» — НТВ телеканалы менен Sputnik маалымат агенттиги жана радиосунун биргелешкен долбоору.


ТЕМА БОЮНЧА: