Мамлекеттик сатып алуулар сайтында «бок ташыгыч кызматына» тендер жарыяланды

Кара-Кочкор реабилитация жана калыбына келтирүү борбору 4200 сомго ассенизатор кызматын сатып алууга тендер жарыялады. Интернетте Мамлекеттик сатып алуулар сайтындагы арызда борборго «бок ташыгыч кызматы» керек деп жазылганынан улам сынга кабылган.

Бок ташуу кызматына тендер 16-февралда жарыяланган жана ал 20-февралга чейин күчүндө.

Мамлекеттик сатып алуулар сайтында жазылган сөз фэйсбуктун колдонуучуларынын көңүлүн бурган. Кара-Кочкор реабилитация борборуна ассенизатордун ордуна «бок ташыгыч кызматы» керек делет.

Өзгөчө кулактандырууну биринчилерден болуп «Чүй чындыгы (Чуйская правда)» гезитинин журналисттери байкап калышкан.

«Кыргыз Республикасынын мамсатыпалуу сайтында, кечиресиңер, бок ташыгычтын кызматына тендер жарыяланыптыр. […] Коомдук жайларда сөгүнүүгө тыюу салабыз, ал эми мамсатыпалуу сайтында БОК ТАШЫГЫЧТЫН кызматын издейбиз», — делет «Чүй чындыгынын» постунда.

Кара-Кочкор реабилитация жана калыбына келтирүү борбору Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кочкор айылында жайгашкан.


ТЕМА БОЮНЧА: