Сүрөт: Бишкек-Торугарт жолунда үч машина кырсыкка кабылды. Жабыркагандар бар

Бишкек-Торугарт автотрассасында эки жеңил машина жана бир жүк ташуучу унаа кагылышып, жол кырсыгынан бир адам жабыркады.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Мыкын айылынын тушунда саат 17:00дө жол кырсыгы катталган. «Жигули» маркасындагы машинанын айдоочусу тайгалак жолдо автомобилди башкара албай жолдун каршы тилкесине чыгып кеткен.

Натыйжада жеңил машина жүк ташуучу унаа менен кагылышкан. Жол кырсыгына кабылган үчүнчү машина «Жигулинин» артынан келаткан «Форд Транзит» болгон.

Жол кырсыгынан «Жигулинин» айдоочусу жабыркаган. Калган айдоочулар жабыркаган эмес.

Жүк ташуучу унаанын айдоочусунун айтып бергенине караганда, жеңил машина күтүүсүздөн ордунда айланып атып, каршы тилкеге чыга калып, анын дөңгөлөктөрүнө кирип кеткен.

«Тоңголок муз болчу, баары өтө тездик менен болуп кетти. Мен эч нерсе кылганга үлгүрбөй калдым», деп айтып берген ал.

«Жигулиде» эки адам болгон. Жүргүнчү жабыркаган эмес жана машинадан өз алдынча чыгып кеткен. Айдоочу болсо эсин жоготуп койгондуктан аны жол кырсыгына күбө болгондор алып чыгышкан.

Күбөлөр тез жардамды күтпөй эле аны машинага салып, ооруканага алып кетишкен.

Бишкек-Торугарт автотрассасы өлкөнүн үч облусунан жана Нарын шаары аркылуу өтүп, Кыргызстандын борборун Кытайдагы Кашкар шаары менен бириктирип турат.


ТЕМА БОЮНЧА: