Ырчы Салтанат Аширова Украинадагы «Өлкөнүн добушу» берүүсүнө катышмакчы

Кыргыз ырчысы Салтанат Аширова Украинанын «Өлкөнүн добушу (Голос країни)» музыкалык берүүсүнүн жетинчи сезонунун тыңшоо айлампасынан өттү. Аширова «Fallin» аттуу ырды аткарып, аны украиналык ырчы Потап командасына тандап алды.

Музыкалык сынактын биринчи баскычында — тыңшоо айлампасында — калыстар тобунун мүчөлөрү катышуучуларга аркасын салып отуруп алардын үнүн гана угушат. Калыстар тобунун арасынан кимдир бирөө катышуучунун аткаруусуна назары түшсө, катышуучуну кайрылып карайт. Сынактын катышуучусу андан кийин калыстар тобунун мүчөлөрүнүн кимиси аны менен иштеше тургандыгын өзү тандап алышы керек.

Аширова Алиша Киздин «Fallin» аттуу ырын аткарды. Композиция аткарылып бүткөндөн кийин ага калыстар тобунун эки мүчөсү — рэпер Потап менен ырчы Жамала бурулду.

Жамала Ашированы аткарылган ырдын үзүндүсүн кайрадан ырдап берүүнү өтүндү. Аширова ырдап берди, бирок башка калыстардын колдоосуна карабастан, Жамала аны өз командасына алуудан баш тартты.

«Мени ушундан кийин кынтыкчыл вокалист, кежир жана башка деп айтышаар. Бирок ушундан кийин мен бул салгылашка катышпайм деп айта алам», — деди ал.

Потап Ашированы колдоп, сүрөй баштады.

«Биздин программанын эрежеси боюнча сен өзүң машыктыруучу тандап алгыча эч нерсе чыкпайт. Мен айлам кетип отуруп калган жокмун. Менин бурулган себебим, сен аяк жагында абдан аракет кылып жатканыңды уктум. Жамалабы же Потаппы? Тандап ал».

Аширова Потапты тандап алды, эми ал көрсөтүүнүн кийинки бөлүктөрүндө анын машыктыруучусу болот.

Аширова менен кошо Потаптын командасына украиналык катышуучулар Оксана Семченкова менен Полина Руль кирген.

Украинадагы «Өлкөнүн добушу» телекөрсөтүүсү — ырчылар атаандашкан долбоор. Ал алты баскычтан: тыңшоодон, эрөөлдөрдөн, нокауттардан, чейрек финалдан, жарым финалдан жана финалдан турат.

Телекөрсөтүүдө калыс жана машыктыруучу болуп ырчы Тина Кароль, рэп-аткаруучу Потап, музыкант Сергей Бабкин милдет аткарышат. Алардын арасында 2016-жылдын Еврокөрсөтүүсүндө жеңишке жетишкен украин ырчысы Жамала да бар.

Бул долбоор — кесипкөй жана ар түрдүү жанрдагы ырчыларды табууга багытталган голландиялык «The Voice of Holland» көрсөтүүсүнүн ыңгайлаштырылган түрү.

Ушундай эле Орусиянын «Голос» теледолбоорунда кыргыз ырчысы Кайрат Примбердиев да өнөр көрсөткөн. Ал финалисттердин катарына кошулуп, «Биринчи каналдагы» «Голос» көрсөтүүсүндө 3-орун алып, андан соң Орусияны кыдырып жөнөгөн.

Анын машыктыруучусу орусиялык ырчы, Еврокөрсөтүүнүн 2006-жылдагы жеңүүчүсү Дима Билан болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: