Атамбаев 2010-жылдагы революциядан кийин Казакстандын жабылган чек арасын «блокада» деп атады

Казакстандын ТИМи Кыргызстанда 2010-жылы «адам өмүрүн алган» Казакстандын «блокадасы» тууралуу Атамбаевдин сөздөрүнө нааразы болду. Кыргыз бийлиги апрель революциясынан кийин чек аранын жабылышынан улам өлкөгө дарылар келбей калып, анын айынан оорусу катуу кишилер көз жумганын түшүндүрдү.

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова Казакстандын элчиси Айымбоз Кызжигитов менен болгон жолугушууда Атамбаевдин «Евроньюс» каналына 18-февралда берген интервьюсундагы «адам өмүрүн алган блокада» тууралуу сөздөрүн түшүндүрүп берди.

Анын айтымында, Атамбаев 2010-жылдын 7-апрелиндеги революциядан кийин Казакстандын жабылып калган чек арасын сөз кылган.

«Ошол бир жарым айлык убакыт ичинде дарынын жоктугунан оорусу катуу кишилер көз жумган учурлар катталган. Кыргызстанга адам өмүрү үчүн маанилүү дарылардын келишин токтотуу миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирген», — деди ал.

Zakon.kz порталынын маалыматы боюнча, 2010-жылдын 1-июнунда Казакстан чек ара аркылуу дарыларды Кыргызстанга кое бере баштаган.

Кемелова кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган кыргызстандыктар коркунучка туш келгенин да түшүндүрдү.

«Чек арадан мыйзамдуу өтүүгө мүмкүнчүлүктүн жоктугунан улам жаш жигиттердин тобу Чүй суусун кечип өтүүгө аракет кылышкан. Баласына медициналык жардам көрсөтүш үчүн ата-энеси аны чек арадан алып өтө албай, ал чарчап калган», — деп билдирди ал.

2010-жылдын май айында «Азаттык» үналгысы 100 доллар үчүн Кыргызстандын жараны Кара-Сууну мыйзамсыз кечип өткөнүн жазган.

2010-жыл Казакстан Кыргызстанга «блокада» коюп, ал адам курмандыктарына алып келгенин «Евроньюс» каналындагы маегинде айткан Атамбаевдин сөзүнө Казакстандын Тышкы иштер министрлиги 20-февралда нааразылык билдирди.

«Биз Евразия экономикалык биримдигине кирбесек бизди блокада күтүп турмак. 2010-жылы бизге Казакстан бир жарым айча блокада кылган. Силер билесиңер, бизде ал тургай адам курмандыктары болгон. Ошондой болгон. Блокада деген жаман нерсе», — деди Атамбаев Брюсселде.

Казак ТИМи Кыргызстандан бул сөздөр боюнча «түшүндүрмө күтүп жатканын» билдирген эле.


ТЕМА БОЮНЧА: