Баткендин административдик борборун жаңы орунга көчүргөнү жатышат

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев Баткен шаарынын административдик борборун жана социалдык объектилерин коңшулаш Кара-Булак айылына көчүрүү пландаштырылып жатканын билдирди. Көчүрүү зарылдыгын «калктын өтө эле жыштыгы» жана «шаардык объектилердин тардыгы» менен түшүндүрүшүүдө.

Халмурзаев Kloop.kgге, райондук кеңештин депутаттар Кара-Булак айылынын 100 гектар жерин шаардын жаңы социалдык объектилерин салуу жана административдик борборду көчүрүү максатында бөлмөк болушканын айтты.

«Былтыр депутаттар демилгени колдоп, жерди бөлүп беришти. […] Шаар өсүп жатат. Баткенди кеңейтүү зарылдыгы эчак эле бышып жетилген», — деди ал.

Анын айтымында Кара-Булак айылынын жери шаарга туура келет, анткени ал түз жерде сууга жакын жайгашкан.

Ал азыр жаңы шаардын башкы планы жок экенин, ошондуктан курула турган объектилердин аталышы, саны жана типтери тууралуу маселелер чечиле элек экенин кошумчалады.

«Азырынча башкы план жок, биз анык эч нерсе айта албайбыз. Шаардын жаңы аймагынын расмий планы болгондо баары анык болот. […] Биринчи иретте карала турган маселелер жолдор жана мисалы канализациялар сыяктуу башка коммуникациялар болот», — деди ал.

Баткендеги өкүл бийлик жаңы шаарды сала турган так мөөнөттү айта алган жок, бирок «көптөгөн жылдар кетет» деген божомолун айтты.

«Өзүңөр түшүнөсүңөр да, бул көп эмгекти талап кылган иш, бир күндө бүтпөйт. Жылдар керек болот», — деди ал.

Баткендиктер шаардын жаңы социалдык объектилерин көчүрүү идеясын «акылга сыйбаган» нерсе катары көрүшөт. Активист Дилшад Мавлонов шаар тарып баратканын, анткени калк көбөйүп баратканын моюнга алат.

Kloop.kg менен болгон маекте ал эгерде жер жеке адамдарга таратылса, үйлөрдү куруунун жана айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эсебинен жаңы жер жандана баштай тургандыгын айтты.

«Азыр чын эле ошондой болуп жатат. Элде жер алганга акча бар, бирок жердин өзү жетишпейт. Эгерде ошондой муктаж болгон тургундарга жер бөлүнүп берилсе, балким жаңы конуш да пайда болот», — дейт ал.

Бирок анын айтымында социалдык объектилердин, жолдордун жана коммуникациялардын курулушун элестетиш мүмкүн эмес, анткени ал үчүн чоң каражат керек, андай каражат мамлекеттик бюджетте жок. Насыя берүүчүлөрдүн жана демөөрчүлөрдүн эсебинен шаар куруш мүмкүн эмес.

«Мисалы, бир эле имарат салыш үчүн миллиондогон акча талап кылынат. Бул жерде болсо жолдору жана ошондой көптөгөн объектилери бар бүтүндөй шаар тууралуу кеп болуп жатпайбы. Андай толук баалуу шаарды куруп чыгыш үчүн канча убакыт кетээрин билбейм. Беш-он жылда эч бүтпөсө керек. […] Демөөрчүлөр анык бир маселени чечип жатып баарын камтып кете алышпайт да. Кийин болсо насыя бергендерге карызды кайтарып бериш керек болот», — деди ал.

Баткен шаары Баткен облусунун борбору болуп саналат. Ал 1999-жылы Баткен облусу түзүлгөн соң 2000-жылы негизделген. Шаарда 25 миңден ашуун киши жашайт. Шаардын жалпы аянты болжол менен беш миң гектар.