АФК кубогу: «Дордой» өз жериндеги матчта тажиктердин «Хосилотун» утуп алды

«Дордой» футбол клубу экинчи тандоо айлампасында Тажикстандын «Хосилотуна» каршы биринчи матчты утуп алып, АФК кубогунун топтук баскычына бир кадам жакындады.

Бишкектин «Дордою» менен Тажикстандын вице-чемпиону «Хосилоттун» ортосундагы матч Кыргызстандын командасынын пайдасына 1:0 эсебинде аяктады.

Беттешүүнүн биринчи жарымын «Дордой» кыйла ишенимдүү өткөрдү: топ киргизүүгө аракет кылып, голго ылайыктуу бир нече кырдаал түздү. Атаандаштын дарбазасынын алдындагы туруктуу кысым бир нече бурч чабуулуна алып келди, бирок алар ийгиликсиз аяктады.

Таймдын аягында «Хосилот» азчылык абалда калды. Орой ойногону үчүн коргоочу Содик Мусо экинчи сары карточка алып, талаадан чыгып кетти.

Беттешүүнүн биринчи жарымынын акыркы мүнөттөрүнө чейин «Дордой» гол киргизүү аракетин токтоткон жок, бирок тажик клубунун футболчулары жигердүү коргонуп, таблодогу эсепте биринчи таймдын акырына чейин нөл гана турган.

Тыныгуудан кийин «Дордой» ачык эле матчта эсеп ачкысы келгени билинип, таймдын эң башында эле атаандаштын дарбазасына жетип барды. Биринчи эле чабуул атаандаштын дарбазасын алууга жеткирди. Беттешүүнүн 47-мүнөтүндө борбордук клубдун чабуулчусу Алишер Азизов гол киргизди.

Биринчи таймда өтө жандуу аракеттенген жарым коргоочу Авазбек Откеев атаандаштын штрафтык абалына ылдыйтан топ өткөрүп, аны торго Азизов тээп киргизип, эсепти 1:0 кылды.

Биринчи таймдын аягында катары суюла түшкөн «Хосилот» матчтын аягына чейин катуу коргонуп, «Дордойдун» артыкчылыгын мүмкүн болушунча азайтканга аракет кылды. Бул жагынан ал ийгиликке жетти. Борбордук клубдун чабуулдарын тажик футболчулары ийгиликтүү кайтарып жатты. Таблодогу эсеп талаа кожоюндарынын пайдасына 1:0 боюнча калды.

«Дордой» 1 – 0 «Хосилот»

47’ Алишер Азизов («Дордой»)

Экинчи тандоочу айлампага «Дордой» түркмөндөрдүн «Балканын» эки матчтын суммасы боюнча 3:2 эсебинде утуп алгандыктан чыккан. «Хосилот» болсо Ооганстандын «Шахин Асмаисин» жеңип чыккандыктан кубоктун кийинки баскычына жолдомо алган.

Беттешүү Оштогу Сүйүмбаев атындагы стадиондо өттү, матчка Ванг Ди баштаган Кытайдын арбитрлери калыстык кылышты.

«Дордой» менен «Хосилоттун» ортосундагы жооп иретиндеги беттешүү эми 28-февралда Дүшөмбүдө болот. Жеңүүчүнү D тобу күтүп турат, анда үч өлкөнүн чемпиондору — «Истиклол» (Тажикстан), «Алтын Асыр» (Түркмөнстан) жана Кыргызстандын чемпионатынын былтыркы жеңүүчүсү — Оштун «Алайы» чогулган.

АФК кубогу — аброю жагынан экинчи орунда турган жана Европа лигасына окшогон Азия турнири.


ТЕМА БОЮНЧА: