Башкы прокурор соттордун туугандарын тыңшоого каршы чыкты

Башкы прокурор Индира Жолдубаева «Соттордун статусу жөнүндө» мыйзамга киргизилмекчи болгон түзөтүүлөрдү сынга алып чыкты, алар атайын кызматтарды соттордун туугандарынын телефонун тыңшоого милдеттендирет. Түзөтүүлөрдү сунуш кылган «Республика — Ата-Журт» фракциясынын башчысы Өмүрбек Бабанов жаңы Конституция мындай ченемди киргизүүгө жол берет деп эсептейт.

Жолдубаева мыйзам долбоору жарандардын кат алышуу жана телефондон сүйлөшүү сырына болгон укугун бузат деген пикирде.

«Мен мыйзам долбоорунун жакшы максатын эч жокко чыгарбайм. Соттун өзү телефонун тыңшоого макулдук бергени түшүнүктүү. Бирок ал жакын туугандарынын телефонун тыңшоого уруксат бериши алардын Конституция менен корголгон укуктарын бузбайбы?» — деп сурады башкы прокурор.

Бирок мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Өмүрбек Бабанов соттордун туугандарын тыңшоо декларацияда туугандарынын кирешесин көрсөтүү менен бирдей экенин айтты.

«Биз азыр киреше жана мүлк тууралуу декларация тапшырып, ал жакта жакын туугандарыбыздын маалыматтарын көрсөтүп жатпайбызбы», — деди Бабанов.

Ал ошондой эле жаңы Конституция буга уруксат берээрин, анткени ал жакта сотторго карата белгилүү бир чектөөлөрдү киргизсе болоору жазылганын, бирок кайсы чектөөлөр экени көрсөтүлбөгөнүн айтты.

Жолдубаева мыйзам долбоорунун авторлоруна бул түзөтүүнү бекитиш үчүн Конституциялык палатага кайрылууга туура келээрин белгиледи.

Укук коргоочу Рита Карасартованын пикиринде, бул түзөтүүнүн айынан бардык сот системасы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин астында калышы мүмкүн.

«Сотторду жана алардын жакын туугандарын тыңшоо тууралуу ченемди киргизүү бүтүндөй сот системасын УКМКнын карамагына өткөрүп берет, анткени тыңшоо менен ошолор алек болот. УКМК тыюу салынган, экстремисттик адабиятты кантип алаарын көрүп турабыз. Алар аны өздөрү ыргытып коюп атышат. Ал эми сотко чалып туруп “мен ошол 8 миң долларды даярдап койдум” дешсе, ал жетиштүү болот да», — деди ал.

Депутаттар сунуш кылган мыйзам долбоору тыңшоодон тышкары Жогорку соттун болочок судьяларын полиграф менен текшерүүнү да камтыйт.

Демилгечилер бул мыйзам долбоору Кыргызстанда «көз каранды эмес, калыс жана айкын» сот системасын камсыз кылууга жардам берет деп эсептешет.


ТЕМА БОЮНЧА: