Өкмөт: Кыргызстан Белоконго 16,5 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттүү эмес

Париж апелляциялык соту Кыргызстан латвиялык ишкер Валерий Белоконго 16,5 миллион доллар төлөп бериши керек деген арбитраждык соттун чечимин жокко чыгарды. Кыргызстан менен «Манас Банктын» ээси Белокондун ортосундагы иш беш жарым жылга созулган.

Өкмөттүн соттук өкүлчүлүк борбору Кыргызстан Белоконго 16,5 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттүү эмес деп чечим чыгарган Париждин апелляциялык сотунун токтому тууралуу кабарлады. Бул акчаны Белоконь ага таандык болгон «Манас Банкты» Кыргызстан мажбурлап тартып алганы үчүн компенсация иретинде талап кылган.

Сот Белоконь негиздеген «Манас Банк» «кылмыштуу кирешени адалдоо менен алектенген» деп чечти.

«”Инсан Банкты” (“Манас Банктын” эски аталышы) Белоконь мамлекеттеги кылмыштуу кирешени адалдоо тажрыйбасын өнүктүрүш үчүн сатып алган. Анын бийликтегилер менен болгон жакын мамилеси анын ишмердигине чыныгы көзөмөлдүн жоктугун камсыз кылган», — деп айтылат соттун чечиминде.

Сот 2008-жылы «Манас Банктын» айландырган акчасы Кыргызстандын ИДОсүнөн көп болгонунан шек санады.

«Өнүгүп жаткан өлкөдө кадимки банк иштери менен мынча кыска мөөнөт ичинде [“Манас Банк” сыяктуу] чагылгандай тез ийгиликке жетиш мүмкүн эмес», — деп түшүндүрдү сот өз чечимин.

Ошондой эле сот Белоконь эми Кыргызстанга юридикалык чыгаша үчүн 300 миң евро төлөп бериши керек деп чечти.

2014-жылы Париждеги эл аралык арбитраждык сот Кыргызстанды Белоконго 15 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирип, ошондон кийин гана бийлик «Манас Банктын» акцияларынын 100 пайызын ала алат деп чечкен.

Андан соң Кыргызстан апелляциялык сотко өтүнмө берип, мурдагы чечимди жокко чыгарууну талап кылган.

Валерий Белоконь Кыргызстанда бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин өнөктөштөрүнүн бири катары белгилүү. Ал 2007-жылдан бери «Манас Банктын» негиздөөчүсү жана кожоюну болуп эсептелет.

2010-жылдын апрелинде Бакиев бийликтен кулатылган соң банкта консервация режими — мамлекеттик органдын банкты мажбурлоочу көзөмөлү орнотулган.


ТЕМА БОЮНЧА: