Мамлекеттик сатып алуу департаменти 1 миллион сомго чейинки сатып алууну тендерсиз эле жүргүзүүнү сунуш кылып жатат

Мамлекеттик сатып алуу департаменти мамлекеттик мекемелер тендер жарыялабай эле 1 миллион сомго чейинки өндүрүм сатып алса боло турган түзөтүүнү «Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө» мыйзамга киргизүүнү сунуш кылды.

Мамлекеттик сатып алуу департаментинин директору Улан Даникеев тендер жарыялабастан сатып алуу ыкмасы мамлекеттик мекемелерди «эптүү жана ийкемдүү» кылаарын айтты.

«Бул бардык мамлекеттик мекемелер чыгашанын ар бир беренеси боюнча эң аз деген 1 миллион сомдук сатып алууну түз келишим түзүү аркылуу өткөрө алышат деген сөз. Биз бул ыкма сатып алуучу уюмдардын ишин эптүү жана ийкемдүү кылат деп ишенебиз», — деп эсептейт Даникеев.

Ал бардык мамлекеттик мекемелер эмнеси болсо да жарыяны мамлекеттик сатып алуу сайтына болгону бир нече күнгө «бааларга байкоо жүргүзүш үчүн» жайгаштырышы керек болоорун белгиледи.

«Бааларга байкоо жүргүзүлгөндөн кийин алар жарыяны алып таштап, түз келишим түзүү ыкмасы менен бүтүмгө келе алышат. Веб-порталда жарыяны жайгаштыруу милдеттүү, бул жарандык коомдун эсеби жана көзөмөлү үчүн жасалат», — деди Даникеев.

Ал мыйзам долбоору өкмөттүн кароосунда турганын кошумчалады.

Каржы министрлигинин алдындагы коомдук кеңештин башчысы Бакыт Сатыбеков Kloop.kg менен болгон маекте мындай ченем коррупцияга алып келиши мүмкүн экенин айтты.

«Миллион сом биздин өлкөдөгү сатып алуу шартында азыр деле бир топ чоң сумма, биз анча бай эмеспиз. Иш жүзүндө ага бир же эки автоунаа сатып алса болот. Бул оңой бүтүм эмес. Мамлекеттик органдар 15 миң долларлык нерселерди тендери жок сатып алгысы келет. Бул жерде коррупция коркунучу бар», — деди ал.

Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов 17-феврада КСДП фракциясынын отурумунда «Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө» мыйзам мамлекет койгон негизги милдетти аткарып, коррупция менен күрөштү жүргүзө албаганына ачуусу келген.

«Жарыя мамлекеттик сатып алуунун электрондук порталында жарыяланат, компьютер кеңеш берет, бирок акыр аягында жеңүүчүлөрдү тендердик комиссия аныктайт, башкача айтканда кайра эле адам чечип калат. Бул жерде коррупцияга кеңири жол ачылып жатат», — деген Марипов.

Ал мыйзам эң одоно бузулган учурларды Эсептөө палатасы капиталдык курулуш башкармалыктарынан таап чыгып жатканын айткан.


ТЕМА БОЮНЧА: