«Сомон Эйрдин» коммерциялык директору Дүйшөмбүдөн Ташкенге барбай калган рейс үчүн кызматтан алынды

Тажикстандын «Сомон Эйр» авиакомпаниясынын директору Алишер Рустамов жана башка жооптуу адамдары биринчи Дүйшөмбү-Ташкен жүргүнчү рейси болбой калгандан кийин кызматтан алынды.

Тажикстандын«Сомон Эйр» авиакомпаниясынын жетекчилиги жагдайды териштирип, алардын кызматкерлери өзбек тарапка зарыл документтерди жөнөтпөй койгнун аныктап чыкты.

Бул коммерциялык директорду жана башка жетекчилерди кызматтан алууга себеп болду.

«Сомон Эйр» Тажикстан менен Өзбекстандын авиакомпаниялары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышканын билдирди — тарыхый рейс «жакынкы күндөрү» каттайт.

Башында тажик авиакомпаниясы өзбек аба майданы учакты кабыл алуудан белгисиз себептерден улам баш тартып жатканын билдирген.

25 жылдан бери биринчи жолу Дүйшөмбүдөн Ташкенге баруучу рейс 20-февралда учуп чыкмак, бирок аны өзбек тарап токтотуп койгон. ал рейс менен 26 жүргүнчү учуп бармак. Компания алардын акчасын кайтарып берип, кечирим сурады.

Тажикстан менен Өзбекстандын ортосундагы авиакаттамдар 1993-жылы токтотулган. Орток тарыхына, окшош маданиятына карабастан, эки өлкөнүн алакасы СССР кулагандан кийин сууп кеткен боюнча турат.

Эки өлкөнүн ортосундагы тымызын «кансыз согушка» Тажикстан өлкөдөгү электр тартыштык маселесин чечиш үчүн Рогун ГЭСин курууга ниеттенгени башкы себеп болгон.

Бирок өзбек бийлигине Тажикстан өз аймагында суунун көлөмүн көбөйтүп эле тим болбостон, Өзбекстанга Амударыя аркылуу бараткан агымды да көзөмөлдөмөкчү болгону жакпай калган.

Авиакаттам жаңырганына карабастан, эки өлкө ортосунда эмгиче визалык режим иштейт, ал эми алардын чек арасы миналанган боюнча турат.

Сүрөт: «Озоди»


ТЕМА БОЮНЧА: