Тынчтык проспектиндеги көпүрө: Мэрия автокырсыктан коргоо үчүн тосмолорду орнотот

Бишкек мэриясы жол кырсыгын алдын алуу жана айдоочулардын коопсуздугун сактоо үчүн Тынчтык проспектине темир-бетон тосмолорду орнотот.

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы Тынчтык проспектине металл жана темир-бетон тосмолорду орнотуп, проспектти бойлой жолдун эки жагындагы арыктарды оңдойт.

Жумушчулар жолдун ортосуна кооздук иретинде тигилген гүлдөрдү алып салышты. Көпүрөнүн астында 90 темир-бетон тосмо орнотулмакчы.

«Тосмолор айдоочулардын коопсуздугун жана жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу үчүн орнотулууда», — деп кабарлашты мэриядан.

Ошондой эле, алдыдагы сугат сезонуна карата Жибек Жолу проспектинен мамлекеттик резиденцияга чейинки арыктар оңдолуп, жаңылары коюлат.

Бул аймактагы жумуштар февралдын аягына чейин бүткөрүлөт.


ТЕМА БОЮНЧА: