«Белоконь Холдинг»: «Өкмөт калп айтып атат». Кыргызстан Белоконго 17 миллион доллар карыз

«Белоконь Холдинг» Кыргызстан латвиялык ишкер Валерий Белоконго 16,5 миллион доллар төлөө милдетинен кутулганы тууралуу кыргыз өкмөтүнүн билдирүүсүн «калп» деп жарыялады. Компания Кыргызстан ишкерге компенсация төлөп бермейинче өлкөнүн карызы «күн санап өсүп жатканын» белгилейт.

Валерий Белоконго таандык «Белоконь Холдинг» компаниясы Кыргызстан Белоконго 16,5 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттүү эмес деп чечим чыгарган Париждин апелляциялык сотунун токтому тууралуу кыргыз өкмөтү «калп айтат» деп билдирүүдө.

«Кыргызстандын өкмөтү калп айтып, каалаган нерсесин чындык катары көрсөтүүгө аракет кылып жатат. […] Эл аралык арбитраждын чечимине каршы даттанууга болбойт», — деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

«Прецедент» компаниясынын юристи Фатима Якупбаева Kloop.kg менен болгон маекте жалпы эреже боюнча Арбитраждык соттун чечими чын эле биротоло чыгарыла тургандыгын жана ага каршы даттанууга болбостугун айтты.

«Арбитраждык соттун чечимин аны чыгарган судья өзү гана кайра карай алат», — деди ал.

«Белоконь Холдинг» Кыргызстандын карызы эки жыл ичинде көбөйүп кеткенин, анткени өлкө ишкерге компенсация төлөбөгөнүн айтты.

Компаниянын билдирүүсү боюнча, Кыргызстан Белоконго 17,78 миллион доллар төлөп бериши керек — өлкөнүн карызы 1,5 миллион долларга көбөйгөн.

«Мындан тышкары, Кыргызстандын өкмөтү карыздын төлөнүшүн убактылуу кийинкиге калтырыш үчүн бюджеттен миллиондогон доллар акча жумшап жатат», — деп эсептешет компаниядагылар.

«Белоконь Холдингдегилер» Кыргызстандын Франциядагы апелляциясы «фактылар менен негизделбегенин», Белоконго акча төлөп берүүдөн баш тартууга багытталганынын да белгилешти.

Буга чейин Кыргызстандын өкмөтү Париждин Апелляциялык соту Париж арбитраждык сотунун чечимин жокко чыгарганын, андыктан өлкө Белоконго 16,5 миллион доллар төлөп берүү милдеттенмесинен кутулганын билдирген.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, апелляциялык сот Белоконь Кыргызстанда «кылмыштуу кирешени адалдаганын» моюнга алган.

«Манас Банкты Белоконь мамлекеттеги кылмыштуу кирешени адалдоо тажрыйбасын өнүктүрүш үчүн сатып алган. Анын бийликтегилер менен болгон жакын мамилеси анын ишмердигине чыныгы көзөмөлдүн жоктугун камсыз кылган», — деп билдирди өкмөт Париждин Апелляциялык сотуна таянуу менен.

Латвиялык ишкер Валерий Белоконь Кыргызстанда бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин өнөктөштөрүнүн бири катары белгилүү. Ал 2007-жылдан бери «Манас Банктын» негиздөөчүсү жана кожоюну болуп эсептелет.

2010-жылдын апрелинде Бакиев бийликтен кулатылган соң банкта консервация режими — мамлекеттик органдын банкты мажбурлоочу көзөмөлү орнотулган.

Ошондон кийин Белоконь ага таандык «Манас Банкты» өкмөт мажбурлап ажыратып алганы үчүн Кыргызстанга каршы доо арызы менен Эл аралык арбитраждык сотко кайрылган.

2014-жылы Париждин Эл аралык арбитраждык соту Кыргызстанды Белоконго 15 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирип, ошондон кийин гана бийлик «Манас Банктын» акцияларынын 100 пайызын ала алат деп чечкен.


ТЕМА БОЮНЧА: