Кыргызстан — Борбор Азиянын журналисттери үчүн куткаруучу жай

Журналисттер үчүн кучак жая бербеген Борбор Азияда Кыргызстан салыштырмалуу тынч жер болуп эсептелет. Акыркы жылдары бул өлкөдө аймактын ар кайсы булуң-бурчунан репортерлор келип, айрымдары коопсуздугу жана кесибин өркүндөтүш үчүн, башкалары жекече себептерден улам орун-очок алып калышты.

Материалдын түп нускасы EurasiaNet.org сайтында жарыяланган.

Басма сөз эркиндигинин 2016-жылдагы абалы тууралуу «Чек арасыз репортерлор» уюмунун баяндамасына ылайык, Борбор Азия көз каранды эмес журналистика жана маалыматты эркин таратуу үчүн эң ыңгайсыз аймак болуп эсептелет.

Мисалы, Түркмөнстан менен Өзбекстан бул уюмдун рейтингинин эң түбүндө Түндүк Корея жана Эфиопия менен катар бекем орношуп калды. Тажикстандагы ЖМКлар эчактан бери эле кысымга кабылып келишкен, бирок 2015-жылдан тартып куугунтук күчөп, ондогон журналисттер өлкөдөн чыгып кетти.

Кыргызстанга Борбор Азиянын ар кайсы булуң-бурчунан келген үч мигрант-журналисттин баяны бул республика интеллектуалдык жана чыгармачылык эркиндик издеген аймактын тургундары үчүн негизги баш калкага айланып калганын айгинелейт.

Тажикстандан келген 27 жаштагы журналист Диана Рахманова «Deutsche Welle» уюштурган үч айлык курстардан өтүш үчүн 2010-жылы Кыргызстанга келиши анын журналистика тууралуу түшүнүгүн түп-тамырынан бери өзгөрткөнүн айтып берди.

«Мени Бишкекте баарынан таң калтырганы саясатка кызыккан кадимки эле билимдүү адамдар мамлекеттик аткаминерлерден маалымат ала алганы болду. Бул жерде мамлекеттик аткаминерлер журналисттерден коркот экен, ал эми коомдук түйүндөр жигердүү пайдаланылып турат», — деди Рахманова EurasiaNet.org менен Бишкектин көптөгөн кафелеринин биринде кофе үстүндө маектешип жатып.

Жагымдуу жагдайлардын бап келишинен улам Рахманова бир жергиликтүү журналист менен таанышып калып, ал ага Бишкекте иш сунуш кылып, ал курстан өткөндөн кийин ошол жумушка кайтып келген. Адегенде оңой болгон жок. «Мен кыргыз фамилияларын жатташым кыйын болду, анан парламенттеги фракциялар жөнүндө да эч нерсе билчү эмесмин», — деди ал.

Бирок анын татар теги тилдеги кыйынчылыктардын айрым өңүттөрүн жеңип чыгууга мүмкүнчүлүк берди. «Эгерде мен орусча суроо берип, мага кыргызча жооп беришсе, мен баарын түшүнөм, анткени татарча жакшы билем. Менин Тажикстандагы үй-бүлөм бул тилде эркин сүйлөйт», — деп түшүндүрдү ал.

Кээде аймакта болуп жаткан окуялар бюрократиялык мүшкүлдөрдү жаратат. «Бир жолу мага кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан улам Кыргызстанга Казакстандын аймагынан кирүүгө уруксат бербей коюшкан, — деп баяндайт Рахманова. — Бирок мен Орусиянын да жаранымын, ошондуктан орусиялык паспортум чек арадан өтүшүмө жардам берди».

Рахманова Тажикстанга кайрылууну пландабай турганын айтты.

«Мен Тажикстанга кайтып баргым келбейт, анткени сөз эркиндигинин жоктугуна көнө албайм, — деди ал. — Бул жерде менин үй-бүлөм — күйөөм жана бир жашар балам бар».

Бирок кээде журналисттер Кыргызстанга жекече жана үй-бүлөлүк себептерден улам көчүп келишет.

Бухарадан келген 31 жаштагы фотожурналист Эльёр Нематовдун айтымында, анын кыргыз башкалаасына көчүп келгенин билгенде достору таң калышкан. Ал Бишкекте жашаган сүйлөшкөн кызына жакын болгусу келгенин, ошондой эле документалдуу фотосүрөт жанрындагы өнөрүн өркүндөткүсү келгенин түшүндүрдү.

Нематов Өзбекстанда ал өз ишмердигинен улам эмес, динден улам кыйынчылыкка кабылганын айтып берди.

«Мен студент кезимде милиция мени экстремист деп шектенчү, анткени мен Бахаи динин тутунам. Ташкенде милиция мени экстремисттерге каршы операция учурунда кызматкерлерге каршылык көрсөттү деген доомат менен 15 суткага кармап жатты. Мен болсо жөн гана алардын аракеттерин телефонго тартып, алардан документ талап кылып, менин камалышымдын себебин түшүндүрүүнү сурангам».

Нематовдун өзү жашаган жер тууралуу эркин философиясы бар. «Мен чек араны сезбейм. Кыргызстанда жашайм, бирок бүт Борбор Азиянын окуяларын чагылдырам», — деди ал.

Рахманова сыяктуу эле, Нематовдун азырынча Кыргызстандан кетейин деген ниети жок. Ал Бишкекте Борбор Азиядагы кесиптештерине жардам бере турган документалдуу фотожурналистика борборун ачкысы келет.

Көз каранды эмес журналисттер жана изилдөөчүлөр үчүн Борбор Азиянын эң ылайыксыз жери Түркмөнстан. Мамлекеттик саясаттын кууш алкагынан тышкары журналистика менен алектенгиси келген бул өлкөнүн саналуу тургундары опузанын, камактын жана кол салуунун курмандыгы болушкан.

33 жаштагы Ольга Бишкекке Түркмөнстандан 2001-жылы көчүп келген. Азыр ал кыргыз башкалаасындагы билим берүүчү мекемелердин биринде саясат таануучу болуп иштейт жана кээде Түркмөнстандагы адам укуктары, билим берүү жана мунай газ тармагы тууралуу макалаларды жазып калат.

Адегенде Ольга Кыргызстанга окууга келген. «Борбор Азиядагы Америка университетинде (AUCA) окуп жүргөндө мен дээрлик бүт биринчи курс бою китепканада эле жүрдүм. Абдан берилип алып китеп окуп жаттым. Бул мен үчүн ушунчалык ырахат эле», — деди ал EurasiaNet.org менен маекте өзүнүн чыныгы атын жазбай чыгарууну өтүнүп.

2000-жылдардын орто чени Түркмөнстандагы билим берүү системасы үчүн караңгылык заманы эле. 2005-жылдын февралында президент Сапармурат Ниязов облустарда иштеген китепканалардан эч кандай пайда жок, анткени айыл тургундарынын көпчүлүгү баары бир эч нерсе окуган эмес деп чечкен. Ошого байланыштуу ал бир нече ири жана студенттик китепканалардан тышкары өлкөнүн дээрлик бардык китепканаларын жабуу жөнүндө жарлык чыгарган.

Түркмөнстанды башка дүйнөдөн оолактатууга багытталган бийликтин ушул жана башка аракеттеринен улам Ольга өз жеринде келечеги өтө чектелүү болоорун түшүндү.

«Мен Кыргызстанда калдым, анткени Түркмөнстанда өз адистигим менен жумуш табыш кыйын болмок, — дейт ал түркмөн тилин билбей турганын кошумчалап. — Ошол кезде гүлдөп жаткан мунай газ компаниялары ылайыктуу вариант болмок, бирок мени социалдык өнүгүү тармагы кызыктырып туруп алды».

Түркмөнстанга кайтып баруу жөнүндө суроого жооп берип жатып Ольга бул тууралуу ойлогусу келбегенин, окуусуна жана алты жашар баласына көңүл буруп жатканын айтты. Кыргызстандагы эркиндиктен кийин Түркмөнстандагы туташ куугунтукка көнүш кыйын болот.

Түркмөнстанда абал канчалык татаал экенин баса көрсөтүш үчүн Ольга Кыргызстанда 2005-жылы революция болгондо (ал ошол учурда AUCAда окуп жаткан), анын ата-энесине түркмөн атайын кызматынын өкүлдөрү телефон чалышканын айтып берди. «Алар [атайын кызматтын агенттери] менин революцияга катышкан-катышпаганымды билгиси келишкен экен», — деди ал.

Башкы беттеги сүрөт: Сүрөттө Бишкектеги фотожурналистика боюнча сабак учурунда тартылган бухаралык фотожурналист Эльёр Нематов сүйлөшкөн бийкечине жакыныраак болуп, документалдуу фотосүрөт өнөрүн өздөштүрүш үчүн кыргыз башкалаасына көчүп келген. (Сүрөттү Эльёр Нематов берди).


ТЕМА БОЮНЧА: