Орусия Кыргызстандын мигранттары үчүн ажылык квота бөлүп берүүгө даяр

Орусиянын муфтияты өзүнүн ажылык квоталарынын бир бөлүгүн Борбор Азиядан барган мигранттарга берүүнү пландап жатат. Азырынча Орусиянын дин чөйрөсүнүн бул сунушун Сауд Аравиясынын бийлиги карап жатат.

Орусиянын муфтийлер кеңешинин башчысы Равиль Гайнутдин Орусияга берилген квоталар боюнча 200дөн 400гө чейинки мыйзамдуу мигранттар ажылыкка бара алаарын билдирди. Анын айтымында, эмгек мигранттары Европа Биримдигинин жарандары менен бирге ажыга барган мындай тажрыйба мурда Европада гана болгон.

«Биз дагы эмгек мигранттарына квотанын бир бөлүгүн бөлүшүүгө даярбыз. Сауд Аравияснын бийлигинен оң чечим болот деп үмүттөнүп жатабыз. Алар бул сунушка түшүнүү менен мамиле кылышты», — деди муфтийлер кеңешинин башчысы.

Орусиялык дин кызматкери айткандай, Орусиядагы эмгек мигранттары Сауд Аравиясына негизинен жыл бою бара берсе боло турган «кичи ажылыкка» баргысы келишет.

Азыр Орусиянын Сауд Аравиясы ажылык үчүн бөлүп берген 20 миңден ашуун квотасы бар.

Кыргызстандын муфтийинин орун басары Акимжан ажы Эргешовдун айтымында, мурда эмгек мигранттары Кыргызстанга келип документ даярдаганга мажбур болуп келген.

«Албетте, баары анте албайт, эл иштеп, үй-бүлөсүн багышы керек. Кыргызстанга жалпысынан 4500 орун гана берилет, андыктан кошумча мүмкүнчүлүк Кыргызстандын мусулмандары үчүн баа жеткис көмөк болот. Орусиядан ажылыкка кетүү биздин жарандар үчүн абдан ыңгайлуу болот», — деп эсептейт Эргешов.

Ажылык — Меке шаарына мусулмандар ай календары боюнча жылдын белгилүү бир убагында бара турган зыярат. Умра же «кичи ажылык» мигранттар үчүн алда канча жагымдуу, анткени жыл мезгилине карабайт.

Мекеге 2017-жылы ажылыкка бара турган Кыргызстандын жарандары үчүн Сауд Аравиясы 4585 квота бөлгөн.


ТЕМА БОЮНЧА: