Бишкектин тургунун тоноп кеткен милиция кызматкерине каршы иш козголду

Милиция эки таанышы менен кошо Бишкектин тургунунан 10 миң сом тоноп алган Кайгуул милиция башкармалыгынын инспекторун колго түшүрдү. Кармалган кызматкерге каршы иш козголуп, өзү убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди.

Кылмыш 14-февралда Бишкекте болгон — Кайгуул милиция башкармалыгынын (КМБ) өкүлү Таалайбек Бугубаевдин айтымында, алардын кызматкери дагы эки киши менен кошулуп Бишкектин тургунунан 10 миң сом тоноп алганы үчүн кармалды.

«Каракчылык боюнча шектенүү менен 1991-жылы туулган Жеңиш аттуу жигит колго түшүрүлгөн. Ал кылмыш жасалып жатканда Максат жана Диор менен бир болгонун айткан. Андан кийин Максат КМБнын кызматкери экени аныкталган», — деп билдирди КМБ.

КМБ өкүлүнүн айтымында, алардын кызматкери убактылуу кармоо изоляторуна киргизилип, ага каршы каракчылык боюнча кылмыш иши козголду.

«“Каракчылык” беренеси боюнча иш козголду, үч шектүү тең кармалды, алардын бири чын эле биздин кызматкер болуп чыкты, ал эмгек өргүүсүндө жүргөн экен», — деди Бугубаев.

«К-Ньюс» басылмасынын жазганына караганда каракчылык милиция кызматкеринин зомбулугу менен коштолгон — жабыркаган жаранды кылмышкерлер автоунаага түртүп киргизип алып баңгизат салып коёбуз деп коркутуп акча тоорушкан.

«[…] Белгисиз үч киши аны Бишкектин көчөлөрүнүн биринде токтотуп алып чөнтөгүнөн же үйүнөн баңгизат таап алышаарын айтып коркутуп, 10 миң сомун тартып алышкан», — деп жазат басылма.


ТЕМА БОЮНЧА: