Раньери «Лестердин» башкы машыктыруучусунун кызматынан кетти

Клаудио Раньери «Лестерди» бул футбол клубунун 133 жылдык тарыхында биринчи жолу Англиянын чемпиону кылган. Бирок азыркы сезондо команда көрсөтүп жаткан канааттандырбас натыйжалардан улам клубдун эң ийгиликтүү машыктыруучусу кызматтан кетти.

Италиялык адистин кызматтан кетиши тууралуу маалымат «Лестердин» расмий сайтында өткөн түнү пайда болду.

«Лестер Ситинин» директорлор кеңеши машыктыруучунун команда алдындагы эмгегин моюнга алды, бирок «клубдун кызыкчылыгы үчүн» футболчулардын насаатчысын алмаштырууну чечти.

Клаудио Раньери «Лестер Сити» меен 2016-жылы Англиянын премьер-лигасын утуп алып даана сенсация жараткан. Сезондун башында болсо букмекерлер бул клубдун жеңиш мүмкүнчүлүгүн өтө төмөн — 5000ге 1 деп баалашты.

Раньери «Лестерди» чемпиондукка жеткиргени үчүн ал ФИФАдан сезондун мыкты насаатчысы катары сыйлык алган.

АПЛдеги чемпиондук «Лестерге» Европадагы эң күчтүү клубдук турнир болгон Чемпиондор лигасына катышууга жол ачты. Топтук баскычта биринчи орунга ишеничтүү жетип, команда Европанын башкы чемпионатынын плей-оффуна чыкты.

Бирок ички чемпионатта «түлкүлөрдүн» анча жолу болгон жок. Азыркы чемпион Чемпионшипке — күчү боюнча Англиянын экинчи футболдук лигасына кулап түшкөнү бир кадам калды.

Раньеринин кызматтан кетээри тууралуу имиштер февралдын башында эле пайда болгон. Бейшембиде «Лестер» Чемпиондор лигасында «Севилияга» болбогон бир — 1:2 эсебинде утулуп калды, бирок чейрек финалга чыгуу мүмкүнчүлүгүн сактап калды. Анткен менен бул салыштырмалуу ийгилик италиялык адисти кызматтан кетирүүдөн сактап кала алган жок.

Дүйшөмбүдө «Ливерпулга» каршы матчта башкы машыктыруучунун милдетин анын жардамчысы Крейг Шекспир аткарат. «Лестерди» Раньери кеткенден кийин ким жетектей тургандыгы азырынча айтыла элек.


ТЕМА БОЮНЧА: