Шыкмаматов УКМКда тогуз сааттык сурактан чыкты

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен сурак башталгандан тогуз сааттан кийин коё беришти. Шыкмаматов сурак берип жаткан учурда УКМКнын имаратынын алдында «саясий оппоненттерге бийликтин басымына» каршы митинг болду.

Шыкмаматов УКМКнын имаратында эртең мененки саат 11ден 19:50гө чейин кармалган. Ушул убакыт аралыгында депутаттын бошотулушун талап кылган митинг жүрүп жатты.

Ал колдоп келгендердин баарына ыраазычылыгын билдирди.

Шыкмаматовдун партиялаштары — Садык Шер-Нияз менен Аида Салянова — фракция депутаттарына каршы козголгон кылмыш иштерин «саясий куугунтук» деп аташты.

Уюштуруучулардын айтымында, митингдин максаты Шыкмаматовду колдоо эле эмес, бийлик тарабынан «саясий оппоненттерге кысым көрсөтүүгө» каяша айтуу.

Шыкмаматовга каршы «Кызматтык бурмалоо» жана «Коррупция» беренелери боюнча 17-февралда кылмыш иши козголгон.

Депутат 2011-жылы кызматтык автоунааларды сатып алуу жөнүндө «жасалма келишимдерди» түзгөн деп айыпталууда.

Башкы прокуратура Шыкмаматов Эсептөө палатасынын аудитору болуп турганда кызматтык автоунаалар тендерден кийин сатып алынганы тууралуу документтерди түзгөн деп эсептейт. Башкы прокуратуранын түкшүмөлүндө, Эсептөө палатасы чындыгында тендер өткөргөн эмес.

Шыкмаматов өзү аялы чын эле автоунаа сатканын, бирок Эсептөө палатасына эмес, кийин тендерден утуп чыккан жеке фирмага сатканын айтты.

«Алар автоунааларды өздөрү койгон баа менен сатышкан. Бизге анын эч кандай тиешеси жок. Эсептөө палатасы ал автоунааны эмгиче пайдаланып жүрөт. Анын абалы жакшы», — деген ал «Заноза» басылмасына.

Алмамбет Шыкмаматов — акыркы жылы президент Алмазбек Атамбаевди катуу сынга алган «Ата Мекен» фракциясынын үч оппозициячыл депутатынын бири.

Авторлошу: Анна Капушенко.
Видео: Эдил Байызбеков, Арсений Мамашев, Нуржамал Жанибекова.
Трансляциянын режиссёру: Азат Рузиев.


ТЕМА БОЮНЧА: