Бишкек, Москва жана Алматы: кыргызстандыктын айлыгына эмнелерди сатып алса болот?

Kloop.kg Бишкектеги, Алматыдагы жана Москвадагы жашоону салыштырып көрүп, бир кыргызстандыктын орточо айлыгына эмнелерди сатып алса болоорун билип көрдү. Эсептөө үчүн азык-түлүктүн, коммуналдык кызматтардын, транспорттун жана эс алуунун баалары негиз алынды. Редакция батирдин ижарасын, чарчы метрдин баасын жана орточо айлык акынын өлчөмүн да эсептеп чыкты.

Бишкек менен Алматыда салаты менен орточо түшкү тамакка 340 сомдон 690 сомго чейин кетет. Москвада 690-1000 сомго чейин түштөнүүгө болот.

Эки адамдын кечки тамагы да Бишкек менен Алматыда көп деле айырмаланбайт. Москвада болсо эки кишилик кечки тамак 2360 сомдон 3470 сомго чейин турат.

Үч борбор шаарда тең азык-түлүктүн баасы дээрлик бирдей эле. Негизги азык-түлүк (сүт, жумуртка, нан, эт жана мөмө-жемиштер) менен катар тамекинин баасын билип көрдүк, эң кымбат Москвада болуп чыкты.

Эң арзан коомдук транспорт Бишкекте. Алматыда такси, эгер Uber таксиден пайдаланылса. Алматыдагы метро Москва метросунан кыйла арзан.

Жалпысынан алганда Бишкекте коммуналдык кызматтардын баасы эң арзан, бирок газдын баасы эң кымбат.

Спорт залга баруу Алматынын жашоочуларына кымбатка турат.

Кинотеатрга баруу бардык шаарларда бирдей эле, ал эми эң арзан интернет Москвада.

Бир бөлмөлүү батирди Бишкекте 300 долларга ижарага алса болот, Алматыда деле ошондой эле. Батир ижарага алуу Москвада кымбат турат, бирок ал жерде деле бир аз арзаныраак 350 долларга тапса да болот.

Батирдин бир чарчы метрин эсептеп көргөндө эң жеткиликтүү баа Бишкекте.

Бир кыргызстандыктын орточо айлык акысы 2016-жылга карата 14 017 сомду түзгөн.

Кыргызстандагы орточо айлык акыга кафеге, киного барса болот, негизги азык-түлүктү сатып алганга, транспорт каражаттарын жапканга, коммуналдык кызматтарды төлөгөнгө жана спорт залга жазылганга жетет.

Алматыда болсо бир кыргызстандыктын орточо айлыгына кафеге, киного барып, негизги азык-түлүктү сатып алганга, транспорт каражаттарын жапканга жана коммуналдык кызматтарды төлөгөнгө болот.

Москвада болсо минималдык түрдө негизги азык-түлүктү сатып алганга, үйдө даярдаганга, коммуналдык кызматтарды төлөгөнгө жана метрого билет сатып алганга гана жетет.


ТЕМА БОЮНЧА: