Өкмөт «Азия Микске» 300 миң сом берди

Өкмөт Кыргызстандагы Шайырлар жана тапкычтар клубунун (КВН) өнүгүшүн колдоп, «Азия Микс» командасына 300 миң сом бөлүп берди. «Азия Микс» КВНдин Жогорку лигасында жеңишке жеткен алгачкы борбордук азиялык команда болуп эсептелет.

Өкмөт аппаратынын жетекчиси Акылбек Осмоналиевдин айтымында, «Азия Микстин» жеңиши «жүз миңдеген балдарга» үлгү болуп калган.

«Силердин аракетиңердин, өзгөчө тапкычтыгыңардын натыйжасында көп мекендештердин тилектери орундалды. Силер КВН жогорку лигасында татыктуу ойноп, аны жеңдиңер жана 2016-жылдын чемпиону болдуңар», — деген Акылбек Осмоналиев.

«Азия Микс» командасы 2016-жылдын декабрынын аягында Элдияр Кененсаровдун жетекчилигинде КВНдин Жогорку лигасынын 30-сезонунун финалдык оюнунда жеңишке жеткен.

Бул КВНдин жогорку сыйлыгына ээ болгон Кыргызстандын алгачкы командасы. Ошондой эле, бул соңку он жылда Жогорку лигада жеңишти багынткан чет өлкөлүк чемпион команда.

Сыйлык катарында «Азия Микс» КВНден 700 миң рубль алган.

«Азия Микс» 2009-жылы команданын капитаны Элдияр Кененсаровдун демилгеси менен түзүлгөн. Шоумен өзү Шайырлар жана тапкычтар клубунда карьерасын 2004-жылы баштап, Борбор Азия чөлкөмүнүн «Азия үнү» курама командасы жана Кыргыз-орус славян университетинин командасы үчүн чыгып жүргөн.

Команданын Кыргызстандын чегинен тышкары ийгиликтүү өнөр көрсөтүшү 2011-жылы Сочиде болгон.

2012-жылы «Азия Микс» ШТКнын финалынын ⅛ бөлүгүндө жеңишке жетишип, бирок анча ийгиликтүү бүтпөгөн бул аракет команданы ойлонтуп, оюн стилин түп-тамырынан бери өзгөртүүгө түрткү болгон.

2013 жана 2014-жылдары команда жарым финалга жетпей калып жаткан. Бирок 2015-жыл команда бир аз калганда жарым финалдан чыгып, Дагестандын командасынан утулуп калган.

2016-жылдын 24-декабрында «Азия Микс» КВНдин Жогорку лигасынын чемпиону болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: