Балыкчыдагы зордуктоо боюнча иш: Таксистке чыккан өкүм жокко чыгарылды, процесс кайрадан башталат

Ысык-Көл облустук соту аялды анын баласынын көзүнчө зордуктаган таксистти үч жылга эркинен ажыратууга өкүм кылган Тоң райондук сотунун чечимин жокко чыгарды. Иш Ысык-Көл райондук сотуна кайрадан кароого жиберилди.

Балыкчы шаарында аялды анын баласынын көзүнчө зордуктоо тууралуу Кыргызстанда кеңири сөз болгон, анткени натыйжада жыныстык зомбулук боюнча айыпталган таксистти өтө эле кыска мөөнөткө — үч жылга эркинен ажыратууга өкүм чыккан.

Акыйкатчы институту Соттор кеңешине Тоң райондук сотунун кабыл алган чечими боюнча иликтөө жүргүзүүнү өтүнүп кат жиберген.

Таксистти үч жылга эркинен ажыраткан Тоң райондук сотунун чечимине эки тарап тең нааразы.

Жабыркаган тарап кылмышты оорлотуучу жагдайлары бар зордуктоо үчүн үч жыл түрмөгө кесүү өтө эле жумшак өкүм деп эсептейт. Прокуратура соттон кылмышкерди 12 жылга эркинен ажыратууну суранган.

Жабыркаган аялдын адвокатынын айтымында, соттолуучунун эки баласы бар экенин жана мурда соттолбогонун сот жазаны жеңилдетүүчү жагдай катары белгилеген.

Айыпталуучу тарап айыптоону жалган, өкүмдү мыйзамсыз деп эсептеп атат.

Жабыркаган аял 2016-жылдын 28-июлунда беш жашар баласы менен жүрүп Балыкчы шаарында такси кармаганын айтат. Анын сөзүнө караганда, таксист аларды шаардын четине алып чыгып, аны баласынын көзүнчө зордуктап салган.

«Беш жашар уулум ошол убакта автоунаанын ичинде калып, кыйкырып жатты. Зордукчу андан кийин баламды автоунаадан ыргытып жиберип, укук коргоо органдарына кайрылсам өлтүрүп сала турганын айтып коркутуп туруп кетип калды», — деп айтып берген жабыркаган аял.

Жабыркаган аял дароо укук коргоо органдарына кайрылып, кылмышкер кийинки күнү кармалган.

Аял зордукчу колго түшүрүлгөндөн кийин баарын мойнуна алганын, бирок сотто зордуктоо болгон эмес деп танып киргенин айтты.

Соттолуучунун адвокатынын айтымында, сотто зордуктоонун далилдери болгон эмес, ал эми медициналык экспертизанын корутундусу чындыгында зордуктоо болбогонун көрсөткөн.

Ал жабыркаган аял соттолуучудан акча талап кылганын, бирок сот менен тергөө буга көңүл бурбай коюшканын айтат.

«Адегенде 20 миң сом талап кылган, кийин 20 миң доллар сурады, тергөө менен сот болсо муну аныкташкан жок», — деди адвокат.

Өз кезегинде жабыркаган аял соттолуучунун туугандары андан акча менен кутулгусу келип, арызын кайра алдырганга аракет кылышканыт айтууда.

«Энеси: "Мен аны сот залынан алып чыгып кетем, көрөсүң. Андан көрө акчаны ал" деп кыйкырып жатты. Атасы: "Кечирип кой, кызым, мен эмне кыла алам? Бул ушундай, бирок кантсе да менин балам", — деди», — деп айтып берди ал Kloop.kg менен болгон маекте.

Жабыркаган аял шектүүнүн адвокаты фактыларды өзүнө ылайыктап алгысы келет деп эсептейт. «Азыр алар ал эркекти мен зордуктагандай айтып жатышат», — деди ал.


ТЕМА БОЮНЧА: