Кадамжай: Жергиликтүү тургундар жаңы Ош-Баткен жолун жүк ташуучу чоң автоунаалар үчүн жаап салууну талап кылышууда

Баткен облусунун Кадамжай районунун 100гө жакын тургундары нааразылык акциясына чыкты. Нааразылык акциясына чыккандар чоң жүк ташуучу автоунааларды «киши өлтүргүчтөр» деп атышат, себеби акыркы айларда алардын айынан эки жергиликтүү тургун каза таап, бир үй толугу менен бузулган. 

Нааразы болгон жашоочулар «Бензин ташуучу киши өлтүргүчтөрдүн ээлерин жоопко тарткыла!» деген плакаттар менен чыгышты. Нааразы болгондор чоң жүк ташуучу автоунаалар өтө турган жолду бууганга аракет кылышты, бирок жергиликтүү РИИБнин кызматкерлери ага жол беришкен жок.

Жергиликтүү тургундарды нааразылык акциясына чыгууга чоң жүк ташуучу автоунаалар катышкан жол кырсыктарынын көптүгү мажбур кылды. Жергиликтүү активист Эрали Зайлапов акыркы эки ай ичинде эки жол кырсыгы болуп, андан эки тургун каза таап, бир үй толугу менен бузулганын билдирди.

«Эки-үч күн мурун трассанын 123-чакырымында кырк тонналык май ташуучу автоунаа оодарылып кетти. Ал жолдон чыгып кетип, жолдун боюнда бара жаткан эки жергиликтүү тургунду уруп кеткен. Алар ошо жерден мүрт кетишти. Бир ай мурун жолдун ушул эле жеринде дагы бир айдоочу май ташуучу унаасын айдап баратып бурулушта турган үйдү сүзүп кетти. Үй толугу менен бузулду. Бир жыл ичинде ушул үйгө үчүнчү жолу чоң жүк ташуучу унаа сүзүп кирип барууда», — деди ал.

Аткаминерлер жашоочулардын талаптарын карап чыгууга убада беришти.

Нааразы жарандар менен Кадамжай районунун акими, анын орун басары жана өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары жолугушту. Аткаминерлер жашоочулардын талабын карап чыгып, тийиштүү чара көрүүгө убада беришти.

Жашоочулар үч талапты коюшту:

Ош-Баткен трассасындагы жүк ташуучу чоң автоунаалар өтүүчү участокту жаап, Сох өзбек анклавындагы айыл аркылуу өткөн эски трассадан ошол эле маршрутту бөлүп берүү;

Ош-Баткен трассасынын 123-чакырымындагы жолдун сапатын көрүп, анын өр жерин анча тик болбогудай кылып оңдоо;

Ош-Баткен трассасынын 123-чакырымында жол кырсыктарынан жабыр тарткандарга компенсация төлөп берүү.

Жаңы трасса чек ара маселелерин чечет деп божомолдонгон.

Кадамжай районунун акими Акрам Мадумаров Kloop.kg менен болгон маекте бардык талаптар көңүлгө алынганын жана Транспорт министрлиги нааразылык акциясы жөнүндө кабардар экенин айтты.

«Азырынча биз эч нерсеге так убада бере албайбыз. Анткени анклав аркылуу өткөн Ош-Баткен эски трассасын дароо ачуу мүмкүн эмес, муну өзүңөр деле түшүнүп турасыңар. Биз жол кырсыктары көп болуп атканын өзүбүз деле көрүп турабыз, бирок жолдун ачылышы тууралуу чечим мамлекеттик деңгээлде болуш керек», — деди ал.

Ош-Баткен трассасы 2014-жылдан 2016-жылга чейин Евробиримдиктин грантына курулган. Көк-Талаа айылында Ош-Баткен трассасындагы 15 чакырымдык тилкенин курулушу демөөрчүдөн жети миллион 200 миң евро талап кылган.

Мурда трассанын ушундай багыты өзбек аймагы — Сох анклавы аркылуу өтчү, Сох айылынын тургундары жана аткаминерлери кыргыз айдоочуларынын жолун чек аралык чыр-чактактардан улам жаба беришчү. Жаңы трасса чек ара маселелерин чечүүгө багытталган.


ТЕМА БОЮНЧА: