«Ла Ла Лэнд» мюзикли алты «Оскар» сыйлыгын алып, жылдын мыкты фильминин наамына да ат салышып көрдү. Бирок салтанат учурунда ката кетип, мюзикл жаңылыштыктан улам бул номинациядагы жеңүүчү деп аталып кетти — чындыгында «Ай жарыгы» утуп чыккан болчу.

Негизгисин айталы. Ким утту?

Рекорддук 14 номинация алган «Ла Ла Лэнд» алардын алтоондо гана уткан: эң мыкты режиссёр үчүн (Дэмиен Шазелл), эң мыкты актриса үчүн (Эмма Стоун), эң мыкты оператордук иш үчүн, сүрөтчү-коюучунун эң мыкты иши үчүн, эң мыкты саундтрек үчүн, эң мыкты обондуу ыр үчүн (‘City of Stars’) уткан.

Кара түстүү кумсанын Майаминин тегерек-четинде эс тартышы тууралуу «Ай жарыгы» автордук драмасы үч «Оскар» алды: эң мыкты фильм үчүн, эң мыкты экинчи пландагы актёр үчүн (Махершала Али) жана эң мыкты ылайыкташкан сценарий үчүн.

«Деңиз боюндагы Манчестер» — башка автордук фильм жана салтанаттын жашыруун сыры — эки маанилүү сыйлыкты «Эң мыкты актёр» (Кейси Аффлек) жана «Эң мыкты оригиналдуу сценарий» номинацияларында алды.

Акыры, Трамптын жарлыгынын айынан Америкага кире албай калган Иран режиссёру Асгар Фархадинин «Сатуучусу» чет тилдеги эң мыкты фильм үчүн статуэтка алды (режиссёрдун карьерасында бул экинчи «Оскар»), ал эми «Зоотопия» эң мыкты анимациялык фильм болуп таанылды. Документалдуу фильмдер арасында «О. Жей: Америкада жасалган» аттуу фильм утту.

Эң мыкты атайын көрүнүштөр үчүн «Жунгли китеби» белгиленди, ал эми «Киши өлтүргүчтөр кошууну» эң мыкты грим үчүн сыйлык алды.

«Ла Ла Ленд» жаңылыш түрдө эң мыкты фильм үчүн эмне болуп сыйлык ала жаздады?

«Бонни менен Клайд» фильминин жылдыздары болгон актёрлор Фэй Данауэй менен Уоррен Битти «Оскардын» башкы статуеткасынын ээсин жарыялаганы сахнага чыгышканда алар кадимкидей буйдала түштү. Конвертти колунда кармап турган Битти Данауэйди жана кеченин алып баруучусу Жимми Киммелди бир карап алып бир саам сахнада унчукпай турду. Аны күтүп отурбай актриса өзү баракчаны карап алып «Ла Ла Ленд» деп атады.


Бул видеодо Данауэй менен Битти «Ла Ла Лэндди» жылдын мыкты фильми деп жарыялашууда.

Андан соң сахнага мюзиклдин продюсерлери чыгышты. Алардын бири Фред Бергерге сахнадан эле ката тууралуу айтылды. Ал чыныгы жеңүүчүнүн аты-жөнү көрсөтүлгөн табличканы камерага көрсөттү — жылдын башкы фильми Барри Женкинстин «Ай жарыгы» болуп чыкты.

Катанын себеби — Битти менен Данауэйге «Эң мыкты актриса» номинациясынын конверти тийип калган. «Бонни менен Клайддын» жылдыздары баракчаны ачканда ал жакта «Ла Ла Ленд» деп жазылып турган, бирок продюсерлердин аттары аталган эмес. Битти ошондон улам буйдала түшсө керек.

Бул «Оскардын» тарыхындагы биринчи ушундай окуя. 1993-жылы сыйлык тапшыруу аземинде Мариса Томей эң мыкты актриса катары жаңылыш сыйлык алып калганы, сыйлык тапшырып жаткан Жек Паланс конверттин ичиндеги атты туура эмес окуганы тууралуу имиштер тараган. Ошого карабастан, анда сыйлык тапшыруучулардын өкүлдөрү бул айың кептерди жокко чыгарып, ката кетсе сахнага кызматкер чыгып аны айтаарын түшүндүрүшкөн. «Ла Ла Лэнд» менен «Ай жарыгы» чаташып кеткенде дал ошондой болду.

Жеңүүчүнүн аты жазылган конверт «Оскарда» статуетка менен кошо берилет — Эмма Стоун анын баракчасы жанында экенин ырастады. Туура эмес тактача сахнага кантип барып калганы азырынча белгисиз.

Буга кандай мамиле болду?

«Ла Ла Лэнддин» командасы жылдын мыкты фильми үчүн сыйлык утпаганын сахнадан эле түшүндү. Ошондо продюсерлердин бири микрофонго басып келип: «Айтмакчы, биз уткан жокпуз» деп жарыялады. Андан соң Фред Бергер чыныгы жеңүүчүнүн аты жазылган конвертти алып, аны камерага көрсөттү.


Видеодо «Ла Ла Ленддин» продюсерлери ката кеткенин түшүнгөн учур.

«Ай жарыгынын» режиссёру Барри Женкинс кантсе да анын фильми утуп чыкканын укканда ушундай абалда болду.

Окуяга комментарий берип жатып, кеченин алып баруучусу Жимми Киммел: «Мен эмнеси болсо да салтанатты бузганга жетиштим» деп тамашалады.


ТЕМА БОЮНЧА: