Нурсултан Назарбаев Нобель сыйлыгына көрсөтүлдү. Жетинчи жолу

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев «өзөктүк куралды жок кылуу аракеттери үчүн» Нобель сыйлыгына көрсөтүлдү. Ошондой эле өзөктүк куралдан баш тартууга чакырык таштаганы үчүн казак сүрөтчүсү Карипбек Куюков да ушул сыйлыкка көрсөтүлгөн.

Назарбаевдин талапкерлигин Швейцариянын илимий-изилдөө институтунун башчысы Алин Варе көрсөтүп, аны шотландиялык саясатчы Билл Кидд колдоп чыкты.

«Ядролук куралды жокко чыгаруу аракеттери үчүн» Алин Варе Нобель сыйлыгына эки кишини Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевди жана казак сүрөтчүсү Карипбек Куюковду көрсөттү. Сыйлыкка ошондой эле «Global Zero» уюму да «ядролук куралды жок кылуу боюнча эбегейсиз аракеттери» үчүн көрсөтүлдү.

Өтүнмөнүн авторлору Нобель сыйлыгы дүйнөлүк масштабда ядролук куралга каршы кыймылды колдойт деп эсептешет.

Курчатов шаары. Семей ядролук полигону. Сүрөт: Александр Лискин/РИА новости.

СССР заманында Казакстандын аймагында ядролук курал сынала турган. 1991-жылы Нурсултан Назарбаев Семей атом полигонун жаап салган.

1992-жылы Казакстандын президенти Лиссабон келишимине кол койгон — ошону менен Казакстан Советтер Союзунан мурастап калган ядролук дүрмөт учтардан баш тарткан.

Кийинки ондогон жылдар ичинде Казакстандаг ядролук курал жок кылынып же башка өлкөлөргө чыгарылып турган. 2008-жылы Назарбаев ядролук курал менен күрөш жүргүзгөнү үчүн Нобель сыйлыгына көрсөтүлгөн.

«Полигонду жаап салган, ядролук куралдан баш тарткан Казакстан бүт дүйнөгө жеңилирээк дем алганга мүмкүнчүлүк берди деп эсептейм. Мындай мамлекетте канча курал болгонун элестете аласыңарбы? Ошонун баары кайсы бир кишинин колуна тийиши мүмкүн болчу. Бүгүн мен президентмин, эртең башка киши президент болот. Менин өлкөмдүн башына ким кандай маанай менен келет жана мамлекетим эмне болот?», — деген эле Назарбаев 2016-жылы ядролук полигондордун жабылышы тууралуу.

Нурсултан Назарбаев ушуну менен жетинчи жолу Нобел сыйлыгына көрсөтүлүп жатат. Азырынча Нобель сыйлыктарынын бири да Казакстандын президентине ыйгарыла элек. Мурда Назарбаевди бул сыйлыкка төмөнкү аракеттери үчүн көрсөтүп келишкен:

  • 2006-жылы — «тынчтыкты жана элдердин достугун бекемдөөгө кошкон салымы» үчүн.
  • 2008-жылы — «ядролук куралды таратпоого кошкон салымы» үчүн.
  • 2009-жылы — «сталиндик куугунтукка кабылган адамдарды колдогону» үчүн.
  • 2010-жылы — «Семей ядролук полигонун жаптырганы» үчүн.
  • 2011-жылы — «ядролук куралдан баш тартууга жана тынчтыкты бекемдөөгө кошкон салымы» үчүн.
  • 2012-жылы — «тынчтыкты жана ынтымакты жайылтканы, улут аралык ынтымакты бекемдегени жана ядролук куралдан баш тартуу боюнча дүйнөлүк демилгелери» үчүн.
Сүрөт: VOX POPULI.

Карипбек Куюков — ядролук куралы жок дүйнө үчүн күрөшкөн «АТОМ» долбоору аттуу эл аралык компаниянын ардактуу элчиси. Cүрөтчү БУУнун иш-чараларында чыгып сүйлөп, ядролук куралдан баш тартууга үндөп келет.

Энесинин боюнда бар кезиндеги радиациянын таасиринен улам Куюков эки колу жок төрөлгөн. Өз сүрөттөрүн ал эрди жана буттары менен тартат.

2016-жылы Нурсултан Назарбаев Коопсуздук боюнча саммит учурунда АКШ президенти Барак Обамага Куюковдун «Жарылуу» аттуу сүрөтүн тартуу кылган.

Сүрөт: VOX POPULI.

Сүрөтчү Казакстандын Семей облусунун Егиндыбулак шаарында 1968-жылы — казак талааларында биринчи ядролук сыноо өткөрүлгөн күндөн 15 жыл өткөн соң төрөлгөн. 1949-жылдан 1989-жылга чейин Семей облусунун ядролук полигонунда бери болгондо 468 сыноо өткөрүлгөн.

Семейдин тегерегиндеги шаарлар менен айылдардын тургундары ядролук куралдын коркунучу тууралуу билишкен эмес. Сыноолордон кийин ондогон жылдар бою Казакстанда туулган балдардын өнүгүшүнө радиация таасир тийгизген.

«Мен өзүм сыяктуу эле балдар менен чоңойдум. Баарыбыздын абалыбыз бирдей эле. Кийин эле интернаттан тышка чыкканда биз элден башкача экенибизди сезишке туура келди», — дейт балалыгы тууралуу сүрөтчү.

Сүрөт: Global Zero.

Карипбек Куюковдун чыгармачылыгы жана коомдук ишмердиги ядролук курал менен күрөшкө арналган.

Нобель сыйлыгына көрсөтүлгөн «Global zero» уюму — эл аралык ядролук куралга каршы кыймыл, анын максаты — 2030-жылы бардык ядролук курал-жаракты жок кылуу. Кыймылды 200дөн ашуун саясий ишмер колдойт.


ТЕМА БОЮНЧА: