Текебаев эки айга камакка алынды, оппозиция митингин улантат

«Ата Мекен» оппозициячыл партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев эки айга камакка алынды. Оппозиция бул чечимге макул болбой эки күндөн бери өткөргөн митингин мындан ары улантмакчы.

Текебаев эки айга камакка алынды — муну анын тарапкерлери жана адвокаттары ырасташты. Баш коргоо чарасы Ахунбаев жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги мурдагы Аскердик соттун имаратында чыгарылды.

Баш коргоо чарасын чыгаруу Текебаевдин тарапкерлеринин митинги менен коштолду — адегенде 600дөй киши борбордук Ала-Тоо аянтында жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратынын жанында митинг өткөрүшүп, андан соң митинг Бишкектин Биринчи май райондук сотунун имаратына көчүп, ошондон кийин мурдагы Аскердик соттун имаратынын жанында болду.

Текебаевди колдогон митинг кандай болду? (2-күн, 27-февраль)

Оппозиция соттун чечимине макул эмес жана ага каршы даттанууга ниеттенүүдө. Оппозициячынын тарапкерлери анын бошотулушун талап кылып мөөнөтсүз митингди улантууну пландап жатышат.

Оппозиция Текебаевге каршы куугунтукту «саясий кысым» деп атады. Оппозициячы өзү президент Алмазбек Атамбаевди сындап жүргөнү менен белгилүү жана анын Кипрдеги жашыруун мүлкү жөнүндө маалыматты ачыкка чыгарууга убада берген, бирок азырынча чыгара элек.

Текебаев бул эки айды УКМКнын тергөө изоляторунда өткөрөт.

Оппозиция нааразылык акциясына эртең, 28-февралда УКМКнын имаратынын алдына чыгат. Нааразылык акциясы Кыргызстанга Орусиянын президенти Владимир Путин келип жаткан шартта өтөт.

«Биз бул чечимди таптакыр мыйзамсыз деп эсептейбиз. Биз нааразылык акциясын УКМКнын имаратынын алдында, Путиндин иш сапарына карабастан өткөрөбүз. Бул мыйзамды жана тартипти сактаган тынчтык митинги болот, эч кандай зыян келтирели деген ниетибиз жок. Биз мөөнөтсүз нааразылык акциясын уланта беришибиз керек», — деди «Ата Мекен» партиясынын депутаты Каныбек Иманалиев.

Сүрөт: Оппозициянын Текебаевди колдогон митинги (2-күн, 27-февраль)

Текебаев «Мегаком» уюк операторуна байланыштуу «Алдамчылык» жана «Коррупция» боюнча шектенүү менен кармалган. Иш орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин көрсөтмөсү менен козголгон, ал Текебаевге колдоо көрсөтүшү жана «Мегакомдун» акцияларын өткөрүп бериши үчүн 1 миллион доллар бергенин айтууда.

Текебаев жана анын тарапкерлери айыптоолор менен макул эмес жана Маевскийдин өзүн анын сөзүнө ишенбей турган «шектүү киши» деп эсептешет.


ТЕМА БОЮНЧА: