Суук, тар жана жокчулук: Баткенде балдар кандай шарттарда көркөм сүрөт өнөрүн өздөштүрүп жатышат?

Баткен облустук көркөм сүрөт мектеп-интернаты 50 бала билим алганы менен, ал жерде болгону төрт парта менен саналуу гана отургучтары бар. Андыктан ар бир саатта аларды башка бөлмөлөргө ташып, окуп турууга мажбур болушат.

Материалдын түп нускасы «Азаттык» үналгысынын сайтына чыккан.

Бактыгүл Кадырова, мугалим:

— Парталардын бардыгын наркы атайын сабактарга алып кирип кетишет. Эми атайын сабак бүткөндөн кийин бул жердеги сабакка кайра алып келип турушат.

2006-жылдан бери ар кайсы айылдардан имарат издеп көчүп отуруп Баткен шаардык мэряиясынын карамагындагы эски мектепке 2013-жылы келишкен. Бул жерде сабактар ортосундагы тыныгууда парталарды ары-бери көтөрүү - балдар үчүн башкы көйгөй.

Бексултан Жалал уулу, көркөм сүрөт мектеп-интернатынын окуучусу:

— Шарттары жакшы болбой калат. Жылытуу шаймандары жакшы иштебейт, столдор дагы жетишсиз. Бирок билим берүү сапаты аябай жакшы. Бирок шартыбыз жетишпейт. Бул жерге келгенден бери стол ташуу кыйынчылык жаратып атат. Класстарыбыз узак болгондуктан күнүгө түшкү жана эртең мененки атайын сабактарда столдорду ташып отурабыз. Столдор жетишсиз болот, ошондон кыйналабыз.

iskusstvo-shkola-batken-2

Эки корпустан турган имараттын бир бөлүгүн окуучулар үчүн жатаканага жана ашканага айлантышкан. Бирок жатаканасында дагы бүтпөгөн көйгөйлөрү арбын. Мисалы, бир бөлмөдө 15тен окуучу жатып турушат. Айрыкча тар бөлмөдө 15 кыздын жашоосу оор болот экен.

Айзада Кабылова:

— Бир бөлмөдө 15 кыз. Бул жерде кыймылдаганда дагы, кирип-чыгыш, бири-бирин сүзүп кетиш дегендейлер көп болот.

Көркөм сүрөт мектеп-интернатында облустун ар тарабынан келген балдар билим алып турушат. Бул окуучуларга келечекте Улуттук көркөм сүрөт академиясынан билимин улантууга жолдомо берилет.

party-shkola-batken-1

Сүрөт сабагынан тышкары, предметтик сабактарды өтүү түштөн кийинкиге белгиленген. Мындай шарт татыктуу тарбия, билим берүүгө тоскоолдук жаратып жатыптыр.

Бактыгүл Кадырова, мугалим:

— Парта, отургучтарыбыз жетишсиз. Предметтик сабактар болгондо балдар өнөрканалардан отургучтарды ташып келип, сабак өтөбүз. Ал эми атайын сабактарга кайра эле ушул класстардан өнөрканага ташып билим алышат. Болгондо дагы отургучтарыбыздын баары кээ биринин буту жок, кээ биринин аркасы түшүп калган, эскилиги жеткен парталар. Танапис маалында балдар сыртка чыгып эс албай эле парталарды бир класстан экинчи класска ташып убара болушат. Бул көйгөй билим алганга дагы тоскоолдук жаратат.

Мектеп имаратынын анча-мынча эң зарыл деген жабдыктарын алууга болгону 70 миң сомдой каражат керектелет. Мектеп жамааты мындай кайрылуу менен Баткен облусунун жетекчилигине жардам сурап кайрылган. Бирок быйылкы жылдын башында облустук бийлик мүмкүнчүлүктүн баары ушул деп төрт миң сом гана бөлүп бериптир.