Текебаевдин адвокаты: Оппозициячы «Боинг-747нин» кыйрашы боюнча иликтөөсү үчүн камакка алынган

Камалган саясатчынын адвокаты Таалайкүл Токтакунова Түркиядан алынган документтерди көрсөттү. Анын айтымында, алар кыйраган «Боинг-747нин» ичиндеги жүк Кыргызстандын президентине жана анын жубайына таандык экенин далилдеп турат. Токтакунова акыркы айларда бул иликтөөнүн үстүндө Өмүрбек Текебаев иштеп жаткан деп билдирди.

«Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрүнүн басма сөз жыйынында Таалайкүл Токтакунова Түркиянын коопсуздук кызматынан алынган документтерди көрсөттү.

Анын айтымында, Текебаев аларды парламентте көрсөтмөк, бирок февралдын 25инен 26сына караган түнү күтүлбөгөн жерден кармалып калгандыктан ага үлгүрбөй калган.

«"Боинг 747" авиакырсыгынын иликтөө иши жыйынтык берди, учактын ичиндеги жүк — компьютер буюмдары, чөнтөк телефондор, баалуу металлдар жана таштар — Атамбаевге жана анын жубайына таандык экенин билебиз», — деди ал.

Эми «Ата Мекен» авиакырсыкты иликтеш үчүн жаңы комиссияны түзүүнү жана ал комиссияга депутат Каныбек Иманалиевди кошууну талап кылууда.

«Документтер ушул каттын түп нускасы бериле турган депутаттык комиссияга гана өткөрүлүп берилет. Биз өз өмүрүбүз үчүн кооптонобуз, менин аркамдан. […] автоунаалар жүрөт, алар ушул каттын түп нускасын текшерип, издеп жүрүшөт. Бирок бул материалдар депутаттык комиссияга гана берилет», — деди ал.

«Ата Мекендин» адвокаттары 16-январда «Манас» аба майданынын жанындагы үйлөргө кулаган «Боинг-747» учагы жөнүндөгү ишти аягына чейин чыгарышаарын айтышууда.

Бул кырсыкта 38 адам мерт болуп, аман калгандар турак-жайсыз калган.

Ошол кезде өкмөт «Боинг-747нин» кыйрашы жөнүндөгү чындыкты өкмөт жашырып жатканын «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев айтып чыккан. Ал Кыргызстанда аткезчилик жүк үчүн киреше алган адамдар бар экенин билдирген.

Текебаев учактын кулап кетишинин себебин жана «кулап түшкөн "Боингдин" ичиндеги жүк кимге таандык экенин» иликтеш үчүн бардык күчүн жумшаарын айткан.

«Прецедент» компаниясынын юристи Жибек Кенжебекова Kloop.kgге Токтокунова айтып жаткан документтер азырынча юридикалык укукка ээ эмес экенин айтып берди.

«Документтер тергөө тарабынан ырасталмайынча жана кийин сотко өткөрүп бериш үчүн материалдардын тизмесине киргизилмейинче алар юридикалык жактан күчү жок. Расмий түрдө бул документтерди колдонууга мүмкүн эмес. Эгерде бул документтер жасалма болуп калса, алар [Текебаевдин адвокаттары] бул билдирүүсү үчүн жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн», — деди ал.


ТЕМА БОЮНЧА: