Молдованын үч банкынан 1 миллиард доллар чыгарып кетти деп шек саналган ишкер Илан Шор «Манас» аба майданында «Дуфремол» алымсыз соода дүкөндөрүн ачты. Буга кыргыз бийлигинин кандай байланышы бар?

Материал Молдованын RISE Moldova басылмасынын журналисттери менен чогуу даярдалган. Авторлору: Владимир Тхорик (RISE Moldova), Элдияр Арыкбаев (Kloop.kg), жардам бергендер Азизбек Жаналиев (Журналисттик иликтөөлөрдүн медиа бюросу) жана Максим Жаманов (Radio Orhei).

2014-жылы Бишкектин «Манас» аба майданында молдовалык ишкер Илан Шордун үй-бүлөсүнүн компаниясына таандык алымсыз соода дүкөндөрүнүн түйүнү ачылган. Анын ишкерлик боюнча өнөктөштөрү Молдованын бажы кызматынын мурдагы башчысы Виорел Мельник жана кыргыз депутаты Кубанычбек Тумановдун кызы болгон. Дүкөндөрдүн ачылышынын өзү кыргыз президентинин молдовалык олигархтар менен байланыштарынын шартында өткөн.

Молдовалык олигарх Илан Шор.

Молдовада Шор көптөгөн коррупциялык жаңжалдардын катышуучусу катары таанымал, алардын арасында жогорку даражалуу аткаминерлерге пара берген жана молдовалык үч банктан 1 миллиард долларды алып чыгып кеткен учурлар болгон. Пара бергенин Шор өзү моюнга алган — 2015-жылы ал мурдагы премьер-министр Влад Филатка айгак чыгып, 2010-жылдан 2015-жылга чейин ага 250 миллион доллар бергенин жазган, алардын арасында молдовалык «Дуфремол» фирмасынын тоскоолдуксуз иштеши үчүн пара бар болчу. Ал арыздан кийин Филат тогуз жылга эркинен ажыратылган.

***

Молдовалык «Дуфремолдун» туунду компаниясы болгон кыргызстандык «Дуфремол кей джи» фирмасы өз лицензиясын 2014-жылдын 7-мартында алган. Ал «Манас» аба майданында алымсыз соода дүкөндөрүн (дьюти-фри) ачууга уруксат болчу.

«Манас» аба майданындагы «Дуфремол» дьюти-фриси.

Дээрлик бир жылдан кийин, 2015-жылдын 21-февралында компания дагы эки лицензия алат. Биринчиси — «Манаста» дагы бир дүкөн ачууга, экинчиси — Оштун аба майданында дьюти-фри ачууга лицензия болот.

Бир айга жетпей, 2015-жылдын 15-мартында Бишкектен Молдовага жашыруун иш сапары менен Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жол тартат. Ал чартерлик рейс менен Илан Шордун авиакомпаниясынын учагы менен учат.

Молдованын борбору Кишинёвдо Атамбаев жергиликтүү олигарх Влад Плахотнюк менен жолугушуп, андан кийин ошол эле учак менен Санкт-Петербургга Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууга жөнөйт.

Атамбаевдин бул жашыруун иш сапары «RISE Moldovaнын» журналисттеринин маалыматы чыккан соң Кыргызстандагы коомчулуктун назарына урунат. Кыргыз басма сөзү Атамбаевдин Молдовага барышынын себебин билгиси келген, бирок аларга иш сапарынын каржыланышы тууралуу маалымат берүүдөн баш тартышкан.

Маалымат алуу аракетине жооп катары Атамбаевдин администрациясы Kloop.kgге бул маалымат жашыруун сыр катары сакталганын жана «кызматтык колдонуу үчүн гана» деген категорияга кирээрин билдирген.

Атамбаев өзү 2016-жылдын жыйынтыктоочу басма сөз жыйынында иш сапарынын максатын «мамлекеттик сыр» деп, «жердин баарынан ыплас нерсе издей бербегенге» чакырган.

Президент Алмазбек Атамбаев жыйынтыктоочу басма сөз жыйынында.

«Мен силерге эч качан баарын айтып бербейм. Мамлекеттик сыр деген түшүнүк бар. […] Кеп Молдованын Орусия жана Евробиримдик менен мамилеси тууралуу болгон. Өлкөнүн ичинде да кыйынчылыктар бар болчу. Молдовада жаңы президент шайланды, баары туруктуу. Кайсы бир даражада бул биздин да эмгегибиз. Жердин баарынан эле ыплас нерсе издей бербегиле», — деген ал.

Атамбаевдин Кишинёвго жашыруун барган иш сапарынан бир ай өткөн соң, 2015-жылдын 16-апрелинде «Дуфремол кей жи» Кыргызстандын Кытай менен чектешкен жериндеги «Эркечтам» өткөрмө пунктунда дүкөн ачууга дагы бир лицензия алат.

Кыргыз бажысынын сайтында жарыяланган алымсыз соода дүкөндөрүнүн реестрине ылайык, бул лицензия Кыргызстанда дьюти-фри режиминде товар сатууга, дегеле кайсы бир фирмага, берилген лицензиялардын акыркысы болгон.

Дагы бир айдан кийин, 2015-жылдын 16-майында, Илан Шордун аялы, орусиялык ырчы Жасмин Бишкекте Энелер күнүнө карата уюштурулган концертте ырдап чыгат. Иш-чаранын уюштуруучулары концерт «Атамбаевдин колдоосу астында» уюштурулуп жатканын баса көрсөтүшөт. Кыргызстандын бийлиги ошондо да иш-чараны каржылоонун булактарын ачык айтуудан баш тартышкан.

Орусиялык ырчы Жасмин Филипп Киркоров жана Николай Басков менен.

Ошондо эле Убактылуу өкмөттүн мурдагы аппарат жетекчиси Эдил Байсалов президентти сынга алып, аны молдовалык олигархтар менен байланышы бар деп шектенгенин жазып чыккан.

«Эмнегедир эле концерттин башкы жылдызы ошол эле Илон Шордун аялы Жасмин болуп чыкты. Мен ал тургай эстрада жылдыздары Шордун ER-KKL номерлүү борту бар "Embraer" учагы менен келишсе таң калбайм», — деп жазган Байсалов.

***

«Дуфремол кей жи» — Кыргызстандагы Шор менен байланышкан жалгыз компания эмес.

2012-жылдын 19-сентябрында Бишкекте «Дьюти фри мол кей жи» фирмасы түзүлүп, анын негиздөөчүлөрү молдовалык D.F.I. SRL компаниясы менен 20 жаштагы кыргызстандык Үпөл Кубанычбекова болгон. Бул экөө тең 50 пайыздык тең үлүшкө ээ болгон.

Үпөл Кубанычбекова атасы, мурдагы депутат Кубанычбек Туманов менен.

Үпөл — Кубанычбек Тумановдун кызы. Туманов 2010-жылдан 2015-жылга чейин парламент депутаты жана бюджет жана каржы иштери боюнча комитет төрагасынын орун басары болгон. Тумановдун агасы Токтогул Туманов да ошол убакта депутат болуп президентти жактаган социал-демократтар фракциясына кирип турган.

Kloop.kgнин журналисттери Кубанычбекова менен байланышып, анын молдовалык ишкер менен ээлик кылган орток компаниясынын анын туугандарына кандай байланышы бар экенин билүүгө аракет кылып көрүштү. Телефон аркылуу курган кыскача маегинде депутаттын кызы «бул купуя маалымат» экенин айтты.

Бирок салык инспектору болуп өзүн тааныштырган «RISE Moldovaнын»  журналисти менен болгон маекте Үпөл Кубанычбекова молдовалык D.F.I. SRL менен кошо компанияны ачууга акчаны ал туугандарынан алып турганын, бул 10 миңден 100 миң еврого чейинки сумманы түзөөрүн айткан.

D.F.I. SRL компаниясы андан бир ай мурда Кишинёвдо Молдованын бажы кызматынын мурдагы төрагасы Виорел Мельник тарабынан түзүлгөн. Ал кыргыз компаниясынын директору болуп калган. Кийинчерээк компания Шордүн үй-бүлөсүнө таандык болгон «Dufremol SRLдин» менчигине өткөн.

Мельник менен Шорду ишкерлик эле эмес, саясат да бириктирип турат. 2016-жылдын февраль айында бажы кызматынын мурдагы төрагасы Шордун кеңешчиси болуп, 2015-жылы болсо Молдовадагы Оргеев шаарынын примары (мэри) болуп шайланган.

***

Алымсыз соода дүкөндөрүн ачууга тендер өткөргөн «Манас» аба майданынын жетекчиси Албек Ибраимов ошол убакта Атамбаевдин жакын адамдарынын бири болгон.

Ибраимов 2013-жылдын мартында Атамбаевдин администрация башчысынын орун басарлыгынан «Манас эл аралык аба майданы» ААКнын башкаруу жана директорлор кеңешинин төрагалыгына которулган.

Мельник өзү болсо «RISE Moldovaнын»  журналисти менен болгон маекте бул ишкерлик жараяндар боюнча өз версиясын айтып берген. Анын айтымында, Шордун ишинин Кыргызстанда ачылышы Атамбаевдин Кишинёвго барышы менен байланышы жок.

Молдова бажысынын мурдагы төрагасы Виорел Мельник.

«Дүкөндөрдү ачуу боюнча аба майданы менен сегиз ай сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз. Бул сүйлөшүүлөр өтө татаал болгон. Бирок Кыргызстандагы ишкерликти ачууну Атамбаевдин Кишинёвго сапары менен байланыштыруу — бул миф. Ал молдовалык ишкерликтин Кыргызстанда инвестиция катарында иштеп жатканын кийин гана билген. Алардын (Шор менен Атамбаев) кандайдыр бир байланышы бар экени — бул алардын ички маселеси», — деген Мельник.

«Манас» аба майданы болсо өткөрүлгөн тендер боюнча маалымат берүүдөн баш тартты. Анткени, андагылардын айтымында, «Манас эл аралык аба майданы» ААК — мамлекеттик эмес, жеке менчик формадагы компания болуп саналат, ошондуктан бул маалымат берилбейт.

***

2016-жылдын декабрында жана 2017-жылдын январында «Дьюти фри мол кей жи» жана «Дуфремол кей жи» фирмалары тең мажоритардык акционер болуп калган молдовалык «Абсолют» ЖЧКнын менчигине өткөн. Эки кыргыз фирмасынын директору болсо Украинанын жараны Сергей Орлов бойдон калган.

«Дуфремол кей жи» фирмасын сатуунун себептери тууралуу суроого Шордун молдовалык компаниясы «бул чечим Dufremol SRLдин учурдагы коммерциялык саясатына негизделген», ал эми «бул компанияны ачуунун максаты башка өлкөлөрдүн базарындагы иш механизмдерин иштеп чыгуу болгон» деп жооп берди.

Бүтүмдүн чыныгы суммасын молдова тарап да, кыргыз тарап да ачыкка чыгарбай жатышат. Шордун үй-бүлөсүнүн молдовалык фирмасынын расмий жообунда «бүтүмдүн баасы коммерциялык жашыруун сыр болуп эсептелет, бүтүмдүн шарттары коомдук кызыгуу жараткан нерсе эмес жана ачыкка чыгарылбайт» деп жазылган.

Компаниянын жаңы кожоюндары бул макала жарыяланып жатканда кат жүзүндөгү сурамга жооп беришкен жок.