Саламаттык сактоо министрлиги: Илим Карыпбековдун ден соолугу оңолуп келатат

КТРКнын башчысы Илим Карыпбеков эсине келип, сүйлөгөнгө жарап калды. Карыпбеков 1-мартка караган түнү жол кырсыгына кабылган. Ал көп канын жоготуп, жасалма комага киргизилген, бирок кийин эсине келди. Азыр ага донорлордон кан керек.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын кеңешчиси Елена Баялинова Карыпбеков эсине келип, эки жакты баамдап, сүйлөшүп калганын кабарлады.

«Дарыгерлер ага ашыкча суроо берип тынчын алган жок. Палатага жакын туугандары гана киргизилди. Башка бирөөлөрдүн, анын ичинде ЖМК өкүлдөрүнүн киришине тыюу салынган», — деп жазды ал.

Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабековдун айтымында, азырынча Карыпбековго кошумча операциялар талап кылынбайт. Дарыгерлер анын абалына көз салып турушат.

Карыпбековго донорлордон кан керек, аны 2-марттта 8.00дөн 15.00гө чейин Бишкектеги кан тапшыруу борборунда Тынчтык проспекти, 60 дареги боюнча тапшырса болот, телефондору: (0312) 54-19-13, (0312) 56-10-74.

Илим Карыпбековдун автоунаасы. Сүрөт: Заноза

Карыпбеков туш болгон жол кырсыгын милиция иликтеп жатат. Жол кырсыгы Аалы Токомбаев көчөсүндө Бишкектин түштүгүндө болгон.

Милициянын маалыматы боюнча Карыпбеков автоунаада жалгыз болгон. Ал чыгыш тарапка кетип бараткан, бирок «Сенатор» кафесинин жанында бордюрдан ашып барып мамыны сүзгөн.

Илим Карыпбековдун автоунаасы. Сүрөт: Заноза

Жол кырсыгы боюнча билдирүү тез жардам станциясына 03:12де келип түшкөн.Тез жардам автоунаасы жол кырсыгы болгон жерге 12 мүнөттө жетип барган. Окуя болгон жерге барган дарыгерлер Карыпбеков көп кан жоготконун жана геморрагиялык дендароо абалында болгонун аныкташкан.

«Ал абдан оор жаракаттарды алган экен, ооруканага баратканда жүрөгү токтоп калган, медициналык тез жардам бригадасы бардык зарыл болгон жан киргизүү иштерин жүргүздү. Алар аны кадимкидей эле наркы дүйнөдөн кайра алып келишти», — деген Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кеңешчиси Елена Баялинова.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жол кырсыгы болгон учурда Илим Карыпбеков соо болчу.


ТЕМА БОЮНЧА: