Ысык-Көл: Көчмөндөр оюндарына карата кыйылган Раппопорт аллеясы калыбына келтирилет

Ысык-Көл облусунда айтылуу Раппопорт аллеясын калыбына келтирүү боюнча иштер башталат. Ал Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алдында трассаны кеңейтиш үчүн кыйылган.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаев Ысык-Көл районунун архитекторлору, токой чарба жетекчилери жана акими менен жолугушуп, ал жерде жаңы аллеяны кайрадан жасап чыгуунун долбоору талкууланды.

«Бул жумада долбоор даярдалып, смета түзүлсүн деген тапшырма берилген. Токой чарбаларында кандай бактар бар экенин да билиш керек», — деп билдирди басма сөз кызматындагылар Kloop.kgнин кабарчысына.

Акибаевдин айтымында, жаңы аллея ири маданий-эстетикалык комплекс болуп, туристтерди тартууга өбөлгө түзүүгө тийиш.

«Аллеянын жанында ири фестивалдарды, анын ичинде башка өлкөлөрдөгүдөй гүл фестивалдарын өткөрүү зарыл.

Мисалы, Жапонияда андай учур сакура гүлдөгөн маалдагы фестиваль. Бизде туристтерди тартуу жагынан чоң дарамет бар, ал толук ачылбай жатат», — деди ыйгарым укуктуу өкүл.

Басма сөз кызматындагылар кийинки жумада дагы бир жолугушуу болоорун, анда долбоордун баасы коюлуп, аллеянын эскиздери даярдалаарын кабарлашты.

План боюнча Раппопорт аллеясы мурункусунан эки эсе чоң болот. Бийлик өкүлдөрү ар түрдүү бир жарым миңдей бак, анын ичинде мурдагы аллеянын кыйылган дарактарынын калемчелеринен өстүрүлгөн күмүш теректерди отургузгусу келет.

Ошондой эле Кыргызстан үчүн жаңы Павловния багы отургузулмакчы, аны Адам багы деп да коюшат.

Иш баштала турган убак кошумча жолугушуудан кийин билинет.

2016-жылы аллея Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу Балыкчы-Корумду трассасын кеңейтүүдөн улам кыйылган. Жалпысынан 704 терек менен кара жыгач кесилген.

Улуттук илимдер академиясынын Токой институтунун адистери ал кезде «бактар ооруга чалдыккан жана кулап түшүшү ыктымал» деп корутунду чыгарышкан.

Эколог Эмил Шүкүров аллеянын кыйылышында «коммерциялык кызыкчылык» болгонун айткан. Анын сөзүнө караганда бактар чирик деле болгон эмес.

Ал трасса салыш үчүн Раппопорт аллеясын кыйбай эле орун тапса болоорун айткан.

Раппопорт аллеясы Ысык-Көлдүн күнгөйүндө Чолпон-Ата шаарынын жанындагы трассанын боюнда жайгашкан. Аллеяны жылкы заводунун жумушчулары 1934-жылы отургузушкан, ал эми бак отургузуу тууралуу ошол заводдун биринчи директору Леонид Раппопорт демилге көтөргөн.


ТЕМА БОЮНЧА: