Жалпы республикалык тестирлөө жылдагыдай эле өтөт. Каттоонун баасы кымбаттады

Testing sheet

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) майдын 16сынан 20сына чейин өтөт. Быйыл негизги жана предметтик тесттерге катталуунун баасы 320 сомду түзмөк болду.

Билим берүүгө жана окутуу ыкмаларына баа берүү борборунун (мындан ары — республикалык борбор) директору Инна Волькова ЖРТга катталуу Кыргызстандын бардык мектептеринде 6-марттан 6-апрелге чейин созулаарын айтты.

Быйыл каттоонун баасы негизги жана ар бир предметтик тест үчүн 320 сомду түздү. Былтыр каттоо 260 сом турган, бирок бардык товарлар менен кызматтардын баасы көтөрүлүп кеткенине байланыштуу кымбаттады.

Тестке катталыш үчүн паспортту же туулгандыгы тууралуу күбөлүктү көрсөтүш керек. Мектепти былтыр бүткөн болсоңор анда катталган же жашаган жериңерде билим берүү борборлорунда каттоодон өтсөңөр болот.

Силер аттестатты жана мектептен алган маалымкатты көрсөтүшүңөр керек.

Эгерде Баткенде катталып, Бишкекте жашасаңар жана башкалаада тестирлөө үчүн каттоодон өтсөңөр, аны каттоодон өткөн жериңерден өтөсүңөр.

Ошондой эле 3х4 өлчөмүндөгү эки сүрөт керек.

Тестирлөө майдын 16снан 20сына чейин бүт республика боюнча эки баскыч менен өтөт.

Ар бир баскыч эки күнгө созулат.

Кийинчерээк тестирлөө 20-июндан кийин жалпы тестирлөөгө олуттуу себептерден улам катыша албай калгандар үчүн өткөрүлөт.

Негизги тест бардык абитуриенттер үчүн милдеттүү. Предметтик тесттер айрым адистиктер үчүн милдеттүү.

Мисалы, медициналык жогорку окуу жайына өтүш үчүн силер биология жана химия боюнча предметтик тесттерди тапшырышыңар керек. Кайсы предметтик тестти тапшыраарыңарды алдын ала билип алышыңар керек.

Бардык тесттер эки тилде — кыргыз жана орус тилдеринде — абитуриенттин тандоосуна жараша болот.

Жогорку окуу жайларына тапшырыш үчүн эң төмөнкү баллдар — негизги тест боюнча 110 жана предметтик тест боюнча 60.

Волькованын айтымында, быйыл тесттер боюнча эч кандай жаңылык киргизилбейт. Бирок эми абитуриенттер тест жөнүндө түшүнүк алыш үчүн республикалык борбордун www.testing.kg сайтында акысыз тестирлөөдөн өтүп көрсө болот.

Волькова бүтүрүүчүлөрдү жана алардын ата-энелерин тесттердин жоопторун сатып алуудан сак болууга чакырды.

«Азыр тесттердин жоопторун сатууга аракет кылган алдамчылар көп. Бизде бала жакшы окуп келип эле тестти начар тапшырып калган учурлар көп болгон. Анын жооптору тесттерге туура келбей калган», — деди ал.

Анын айтымында, былтыркы тесттердин жооптору бүтүрүүчүлөр быйыл тапшыра турган тесттерге туура келбейт.

Волькова окуучулардын телефон алып келбешин суранды, анткени баары бир тестирлөөгө кирип баратканда аларды алып коюшат.

Эгерде бүтүрүүчү телефонду тест учурунда пайдаланса, ал дисквалификацияланат, кийинки тестти болсо кийинки жылы гана тапшыра алат.

Волькова телефондор өчүрүлбөстүгүн, анткени бул укуктук жагдайлар менен байланыштуу экенин кошумчалады.

Волькованын айтымында, тестирлөөнү мектеп мугалими болбогон, атайын окутуудан өткөн адамдар тескешет.

Мындан тышкары Волькова тестте окуучулар негизинен текстти окуу жана түшүнүү жагына келгенде кыйнала башташканына көңүл бурду.

«Бизде түшүнүү жагынан өтө чоң кыйынчылыктар бар. Бул окуучулардын сөз байлыгы азайганына байланштуу — балдар китепти аз окуп жатышат. Бул бизди катуу тынчсыздандырат. Ушуга көңүл буруш керек», — деди ал.

Быйыл ЖРТны 50 миңден ашуун бүтүрүүчү тапшырат. Жогорку окуу жайлары абитуриенттер үчүн 5 700 бюджеттик орун беришет.


ТЕМА БОЮНЧА: