KICBнин банкоматтары техникалык себептерден улам 5 күндөн бери иштебей жатат. Качан оңдолоору белгисиз

Азыр банктын адистери банкоматтардын бузугун оңдоп жатышат. Иш качан аяктаары так белгисиз.

«Кыргыз инвестициялык насыя банкынын» (KICB) банкоматтары 27-февралдан бери техникалык себептерден улам иштебей турушат. Банктын адистери маселени чечүүнүн үстүндө иштеп жатышат.

«Маалымат коопсуздугун арттыруу иштеринин натыйжасында күтүлбөгөн техникалык кыйынчылыктар пайда болду. Биздин адистер маселени чечүү боюнча иштеп жатышат, жакын арада биз аны чечебиз, так мөөнөтүн айта албайбыз», — деп кабарлады Kloop.kgге банктын пиар-менеджери Амалия Бенлиян.

KICBнин банкоматы.

Кардарлар карталарынан акчасын чыгарып алышы үчүн банк өзүнүн бардык филиалдарынын жумуш күнүн узартты. Азыр бардык бөлүмдөр 8:00дөн 21:00гө чейин иштеп жатышат.

Өзүнүн расмий кайрылуусунда банк карталардын кожоюндары акчасын комиссия төлөбөстөн «Айыл Банк», «Бакай Банк», «Дос Кредобанк», «БТА Банк» жана «Финанс Кредит Банк» сыяктуу өнөктөш банктардын түйүнү аркылуу накталап алса болоорун жарыялады.

Бул шилтемеде силер комиссия төлөбөй турган банкоматтардын тизмесин жана даректерин билип алсаңар болот.

Айрым карта ээлери банктын ишине нааразылык билдире башташты. Dastello деген ник менен «Diesel» форумун колдонуучу банкоматтардын биринде акчасын чыгара албай калганын айтат.

«Аялымдын картасы боюнча Абдрахманов/Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан банкоматтан акча ала албай койдум. Силердин кызматкерлер бардык банкоматтар иштебей жатканын жана качан иштээрин билишпей турганын айтышты. Өнөктөш “Бакай Банктын” банкоматына жиберишти», — деп жазды ал.

Башка кардарлар банктагы кезектер тууралуу даттанууда.

«Үч күндөн бери банкоматтардан акчамды чыгара албай жатам, сактык кассаларында очойгон кезектер турат, эмне болду?» — деп жазды Gray аттуу колдонуучу.

Банктын кызматынан канча кардар пайдаланаары так белгисиз, бирок айрым мамлекеттик уюмдар өз кызматкерлерине ушул банктын карталары аркылуу айлык төлөшөт.

2016-жылы банктын 200 миңге жакын катталган колдонуучусу болгон, алардын электрондук капчыгы бар. 2011-жылы банк анын кызматынан 60 миң адам пайдаланаарын билдирген.

«Кыргыз инвестициялык насыя банкы» (KICB) ЖАК 2001-жылы Кыргызстандын өкмөтү тарабынан түзүлүп, уставдык капиталы эң чоң — 7 миллион долларлык банкка айланган. 2007-жылдын аягында уставдык капиталы 10 миллион долларды түзгөн. 2017-жылдын январында банктын кирешеси 31 миллион сомду түзгөн.

Банктн акционерлеринин арасында акциялардын 90 пайызына ээлик кылган беш чет өлкөлүк уюм, бир мамлекеттик орган — Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду бар:

  • «Ага Хандын экономикалык өнүктүрүү фонду», Франция — акциялардын 21,001 пайызы;
  • «Хабиб Банк Лимитед», Пакистан — акциялардын 18 пайызы;
  • «Эл аралык каржы корпорациясы», АКШ — акциялардын 17 пайызы;
  • «Инвестиция менен өнүктүрүүнүн немис компаниясы», Германия — акциялардын 17 пайызы;
  • «Европа кайра куруу жана өнүктүрүү банкы», Улуу Британия — акциялардын 16,999 пайызы;
  • Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду, Кыргызстан — акциялардын 10 пайызы.

ТЕМА БОЮНЧА: