Эмил Үмөталиев УКМКда Текебаевдин иши боюнча суракка алынды

Kyrgyz Concept ишканасынын башчысы Эмил Үмөталиевди УКМКда Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча суракка алышкан. Үмөталиев ачыкка чыгарбоо боюнча кол койгон. 2010-жылы ал Текебаев сыяктуу эле Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болуп турган.

«Баары жайында. Айрым жагдайларды тактап алуу боюнча рутиналык иштер болду», — деди ал Kloop.kgге курган маегинде.

24.kg жазгандай, Үмөталиев оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаевге козголгон иш боюнча күбө катарында чакырылган.

povestka-v-gknb

 

Эмил Үмөталиев Кыргызстандагы эң ири туристтик Kyrgyz Concept ишканасынын президенти. 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Үмөталиев Убактылуу өкмөттүн экономикалык жөнгө салуу министринин милдетин аткаруучу кызматында иштеген.

Ага чейин Бишкек ишкердик клубунун төрагасы, Эл аралык бейтарап сотунун байкоочу кеңешинин мүчөсү жана Кыргызстандагы туроператорлор биримдигинин төрагасы болгон. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде иштеген.

Үмөталиевдин суракка чакырылышынын себеби белгисиз. Ошондой эле, Тергөө башкармалыгынын чакыруусу Үмөталиевдин Убактылуу өкмөт учурунда ээлеген кызматына байланышы бар-жок экени да белгисиз. Бирок 2017-жылдын февраль айынын соңунда Убактылуу өкмөттүн эки мүчөсү, Дүйшөнкул Чотонов менен Өмүрбек Текебаев да камалган.

Текебаев эки айга камакка алынды, оппозиция митингин улантат

Алар алдамчылык жана коррупция жөнүндөгү кылмыш иштери боюнча жоопко тартылууда. УКМКдан белгилешкендей, аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийден билдирүү келип түшкөн. Маевский 2010-жылы Текебаев менен Чотоновго бир миллион доллар бергенин билдирген.

Маевский бул сумма үчүн «Мегаком» компаниясын башкарууга мүмкүнчүлүк алмак. Орусиялык ишкердин ишендиришинче, ал каалаган нерсесин ала алган эмес жана берген акчасын кайра кайтарып алууга аракет кылганда Текебаев тарабынан коркутууга кабылып, Орусияга кайтып кеткен.

«Кыргыз Концепт» «Клооп медиа» КФнын долбоорлорунун биринин демөөрчүсү болуп саналат, бирок бул материалдын чыгышына эч кандай тиешеси жок.


ТЕМА БОЮНЧА: