Саламаттык сактоо министрин кызматтан кетиргенге КСДПнын добушу жетпей калды

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев

КСДПнын депутаттары өз фракциясынын отурумунда саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин ишин сынга алышты.

Социал-демократтар саламаттык сактоо министринин отчётун угуп, анын ишин канааттандырарлык эмес деп табышты.

Жыйын учурунда депутаттар Батыралиевдин ишмердүүлүгүн сынга алып, министрди кызматтан кетирүү боюнча маселе көтөрүштү. Бирок сунуш четке кагылды, анткени аны кызматтан кетиргиси келгендердин добушу жеткен жок.

Батыралиев КСДПнын квотасы боюнча дайындалган. «Кызматтан кетирүү жөнүндө маселе сиз үчүн эскертүү болушу керек», — деди фракция башчысы Иса Өмүркулов.

Батыралиевди кызматтан кетирүүнү Марат Аманкулов сунуш кылды. Анын пикиринде, министр саламаттык сактоо системасынын кыйраганы үчүн жоопко тартылышы керек.

«Бул министрден биз канчалык тезирээк арылсак, биздин саламаттык сактоо тармагы Батыралиевге чейинки деңгээлине ошончолук тез кайтып келет. Мен ага ишеним көрсөтпөө тууралуу маселе коем», — деди Аманкулов.

Анын фракциялашы Асел Кодуранова Батыралиевге өз ыктыяры менен кызматынан кетүү жөнүндө арыз жазууну сунуш кылды.

«Бүгүн саналуу эле кишилер сиздин ишмердүүлүгүңүз жөнүндө жакшы ой айтышты, калгандарынын дооматы бар. Биз бир жолу унчуккан жокпуз, экинчи жолу… Бирок эки жыл ичинде чечим кабыл алынышы керек да. Бул ачуу болсо да чындык», — деди ал.

Талантбек Батыралиев саламаттык сактоо министринин кызматын 2014-жылдын ноябрынан бери аркалап келатат. Анын талапкерлиги Динара Сагинбаева кызматтан кеткен соң көрсөтүлгөн. Батаралиев дарыгер-кардиолог, ошондой эле англис жана түрк тилдериндеги илимий иштердин автору катары белгилүү.


ТЕМА БОЮНЧА: