БШК: Текебаев соттолуп кеткиче президенттикке талапкерлигин койсо болот

Борбордук шайлоо комиссиясы камакка алынган оппозициячы Өмүрбек Текебаев соттолуп, күнөөсү биротоло далилденгенге чейин президенттикке талапкер катары катталса болоорун билдирди. Бирок эгерде сот аны күнөөлүү деп тапса, Текебаев шайлоо алдындагы жарыштан чыгарылат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Кайрат Осмоналиев Kloop.kgге азыр Текебаев «Ата Мекен» партиясынан президенттик кызматка талапкерлигин көрсөтсө болоорун айтты.

«Эгерде сот Текебаевге жаза чегерип, өкүм күчүнө кирсе, ошол учурдан тартып ал соттолгон адам катары эсептелет жана шайлоого катыша албайт», — деди ал.

Маматовдун айтымында, мыйзам боюнча ар бир талапкер негизги төрт талапка жооп бериши керек.

Мыйзам боюнча президенттикке талапкер Кыргызстандын жараны болуп, мамлекеттик тилди билип, мөөнөтү бүтө элек сот иши жок болуп, өлкөдө жалпы жонунан 15 жылдан кем жашабаган киши болушу зарыл.

Маматов азырынча шайлоону дайындоо жөнүндө мыйзам же жарлык чыга элек экенин, аны өткөрүүнүн болжолдуу убактысы гана белгилүү экенин билдирди. Анын айтымында, президенттикке талапкерлерди каттоо азырынча баштала элек.

Президенттик шайлоо 2017-жылдын 19-ноябрында өтөт.

«Ата Мекен» партиясы 5-мартта Текебаевдин талапкерлигин президенттикке көрсөткөн. Өзү Текебаев УКМКын ТИЗОсунда «Мегакомду» сатуу боюнча ишке байланыштуу камакта отурат.

Депутат 26-февралга караган түнү УКМК кызматкерлери тарабынан «Манас» аба майданында кармалган. Андан бир күн мурун ишкер жана Орусиянын Мамлектетик думасынын мурдагы депутаты Леонид Маевскийдин арызына байланыштуу Текебаевге каршы «Коррупция» жана «Алдамчылык» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Ишкер 2010-жылы Текебаевдин өзүнө ал «Мегаком» компаниясын башкарууга жеткилик алып бериши үчүн бир миллион доллар бергенин айтууда.

Оппозициячынын тарапкерлери мөөнөтсүз митинг жарыялап, 26-февралдан 1-мартка чейин нааразылык акцияларына чыгып жатышты. Алар Текебаевди бошотууну жана бийликтин оппозицияга кысымын токтотууну талап кылышты.

Түштүктө адамдар митингин улантып, Текебаевди бошотууну дагы эле талап кылышууда. Алар бир нече жолу Бишкек-Ош жолун жаап салууга аракет кылышып, бирок милиция ага жол берген эмес.


ТЕМА БОЮНЧА: