Карта: Бишкекте эки күн бою ЕАЭБ жыйынына байланыштуу жолдор жабылат

Бишкекте 6-7-мартта Евразия экономикалык биримдигинин өкмөт аралык кеңешинин отурумун өткөрүүгө байланыштуу жолдор жабылат.

Бишкектин Кайгуул милиция башкармалыгы билдиргенине караганда,  ЕАЭБдин курамындагы өлкөлөрдүн премьер-министрлери 6-мартта 17:00дө келет.

Милиция төмөнкү жолдорду 15:00дөн тартып жаба баштайт:

  • «Манас» аба майданынан Жибек Жолу проспектине чейинки трасса;
  • Жибек Жолу проспекти —  Фучик көчөсүнөн Жаш Гвардия проспектине чейин;
  • Жаш Гвардия проспекти — Жибек Жолу проспектинен Чүй проспектине чейин;
  • Чүй проспекти — Жаш Гвардия проспектинен Абдрахманов (мурдагы Совет) көчөсүнө чейин;
  • Манас проспекти;
  • Абдрахманов көчөсү — Жибек Жолу проспектинен «Hyatt Regency» мейманканасына чейин.

Жолдордун ушул эле тилкелери 7-мартта эртең мененки тогуздан баштап жабылат. Милиция бул эки күндө күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт.

Бишкектин Кайгуул милиция башкармалыгы башкалаанын тургундарын көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылып, алдын-ала башка жолдорду тандап алууну өтүнөт.