Тенттелген жүк ташуучу автоунаалардын киришине Кытай тыюу салганына Кыргызстан нааразы

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном аймагында (КЭР ШУАА) тенттелген жүк ташуучу чоң автоунаалардын жүрүшүнө тыюу салынды. Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы макулдашууга ылайык мындай чектөөлөр коюлбашы керек.

Кыргызстандын ТИМи КЭР ШУААга кат жөнөтүп, анда тент менен жабылган жүк ташуучу автоунаалардын жүрүшүнө эмне үчүн тыюу салынганын түшүндүрүүнү талап кылды. Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы макулдашууга ылайык алыска жүк ташуучу кыргызстандык автоунааларга эч кандай чектөө коюлбашы керек.

Тыюунун айынан кыргыз-кытай чек арасынын Эркечтам бекетинде жүк ташуучу автоунаалар топтолуп калды. Эркечтам жүк ташуучулар үчүн эң маанилүү чек ара бекеттеринин бири. Күн сайын чек арадан 70ке жакын жүк ташуучу чоң автоунаа өтөт.

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда такай каттап жүргөн кыргызстандык жүк ташуучу чоң автоунаалардын көпчүлүгү тент менен жабылган.

Кыргызстандын алыска жүк ташуучу айдоочуларынын кесиптик кошууну тенттелген жүк ташуучу чоң автоунааларга тыюу салуу — Кытайдын транспорт башкармалыгы менен макулдашылбастан Шинжаң-Уйгур автоном аймагында гана киргизилген чечим экенин билдирет.

Аймактын жетекчилиги жүк ташуучу чоң автоунаалардын металл капкак менен жабылышын талап кылышууда — алыска жүк ташуучу айдоочулар аларды «сандык» деп атап жүрүшөт. Үстү ушундай автоунаанын салмагы алда канча көп болуп, анын айынан айдоочулар салмакты чектөөнүн айынан эми кыргыз чек арасында кыйынчылыкка кабылышы мүмкүн.

«Сандыктын» дагы бир кемчилиги — ага жүк ташуучу кадимки кран менен жүк салыш кыйын. Ал үчүн товарларды жүктөөгө жана түшүрүүгө ыылайыкташкан атайын кытай автоунааларын пайдаланышка туура келет.

Кыргызстандын алыска жүк ташуучу айдоочуларынын кесиптик кошуунунун өкүлү Игорь Голубев кытай жетекчилигинин акыркы талабы — кыргыз айдоочуларына көрсөтүлгөн жалгыз кысым эмес экенин айтты.

«Алар муну негиздешкен жок. Балким алар өз базарын коргогусу келип жаткандыр, тенттелген автоунааларда кылмышкер өтүп жатат деп кооптонсо керек, бирок ал үчүн толтура жол-жобо: бажы текшерүүсү жана башкалар бар», — дейт ал.

Алыска жүк ташуучулар митинг уюштуруп, жолдорду жапкысы келбейт. Алар кыргыз бийлигинен жардам сурашат.

«Алар [аймактын бийлик өкүлдөрү] чулу металл автоунаалар гана киришин талап кылышууда. Бул жүк ташууга катуу таасир этет. Биз Кыргызстандын өкмөтүнөн бул маселени тезирээк чечүүнү өтүнөбүз», — дейт Игорь Голубев.


ТЕМА БОЮНЧА: