Сөз эркиндигин кантип туура муунтуш керек? (Алмазбек Атамбаев, кыргыз өкмөтү жана кыргыз парламенти үчүн инструкция)

Бул колонка «Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендердин пикирин чагылдырат.

Кыргыз парламентинин депутаттары «Блогерлер жөнүндө мыйзам долбоорун» кайра чакыртып алышты окшойт.

Бектур Искендер.

Анда күнүнө 1 миңден ашуун киши кирген бардык веб-сайттарды каттап, алардын мазмунун көзөмөлгө алуу сыяктуу дароо бир нече алжыган идеялар бар болчу.

Депутаттарга — айрыкча атамбаевчил жана бабановчул малайларга — менин ишеничим аз болгондуктан, эс алышка эрте деп ойлойм. Алар мындан ары да интернетти көзөмөлдөгөнгө аракет кыла беришет.

Анын үстүнө алар интернетке байланышкан кайсы бир ченемдерди «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамга да киргизүүгө аракет кылып жатышат.

Бирок билесиңерби? Алардын колунан эч нерсе келбейт.

***

Бүгүн мен «Кыргызпатент» деп аталган мекеменин жанынан өтүп баратып, аны президент Бакиевдин тушунда Улан Мелисбек деген киши башкарганын эстедим. Ал ошол кезде .kg доменин көзөмөлдөөгө аракет кылып, биз болсо бул кыргыз веб-сайттарына кысым көрсөтүүнүн ыкмасы болуп калат деп кабатыр боло бергенбиз.

Бүгүн бул күлкү келтирет. Мага демектен бийликтин кекиртегине .kg домени тыгылып калсын, аны он миң жолу тартып алса деле ал эми кимге кереги бар?

Биринчиден, башка домендер ушунчалык көп, экинчиден бүгүн дегеле веб-сайттарга ким кирет?

Бийлик дайыма технологиядан артта болот, ал эми анын мыйзам долбоорлору дайыма динозаврдын заңындай көрүнөт.

Видео: Кыргыз парламентинин депутаты иш үстүндө:

Азыр деле депутаттар кайдан-жайдан өздөрүнөн башка эч ким колдонбой калган «блогер» деген сөздү чукуп таап чыгышты.

Айталык, бийлик «Клооп» сыяктуу онлайн-басылманы кысып койгусу келди дейли («блогерлер жөнүндө мыйзам долбоору» биринчи иретте бизге сокку болмок, анткени биз ЖМК катары катталган эмеспиз). Эмне болуптур?

Аны кантип кылышат? Биздин хостинг булуттуку, америкалык компанияда. Бизди жаап салуу аракетинде ийгилик каалайбыз.

Сайтты тосмолошобу? Биз «Facebook Instant» жана адамдарга үнүбүздү жеткирүүнүн ондогон башка жолдорун табабыз. Анан кайра эле, бүгүн дегеле веб-сайттар кимге кереги бар?

Биздин юридикалык жакты жаап салышабы? Биз башка өлкөдөн ачып алабыз. Ошол да кыйынбы?

Бизди өлкөдөн чыгарбай, интернетибизди тартып алышабы? Толтура клоопчулар чет өлкөдө окуп-иштеп жүрүшөт. «Клооптун» редактору Азамат Өмүралиев, мисалы, Голландияда туруп биздин басылманын ишин оңой эле калыбына келтирет.

Азербайжанда эң кеңири тараган ЖМК болуп чет өлкөдөн иштеген «Meydan TV» саналат, бийлик аны менен күрөшүүгө канчалык аракет кылбасын, «Фэйсбукта» ага 400 миңден ашуун адам жазылган. Азербайжан үчүн бул акылга сыйбаган эбегейсиз зор көрсөткүч.

Мындай мисалдар башка да кысымчыл өлкөлөрдө бар. Постсоветтик диктаторлордун дээрлик баары сөз эркиндигин муунта албай тишин сындырып келатышат.

Кыргыз бийлиги дагы эмне кыла алат? «Фэйсбукту» жана башка коомдук түйүндөрдү өчүрөбү? Андан кийин кыргыз бийлигинен эмне калаарын көрөйүнчү. Атамбаев андан кийин кача турган жерин издеши керек болот.

***

Ошондуктан кыргыз бийлиги үчүн сөз эркиндигин муунтуп салуунун бирден-бир жолу — бул геноцид.

Адамдарга жапырт кыргын салуу — ушул гана жардам берет. Интернеттеги бир-эки көрүнүктүү авторду өлтүрүү жетишсиздик кылат. Бакиев ошентип көргөн, эч нерсе чыккан жок.

Ала-Тоо аянтына каяша айтып чыккан жүздөгөн адамдарды атып салганы да жардам бербейт, аны да өткөнбүз.

Миңдеп, керек болсо миллиондоп кырыш керек. Мына ошондо сөз эркиндигин муунтуп салса болот.

Кимдир бирөө чет өлкөлүк гезитти колунда кармап турганы үчүн өлтүрүш керек. Чет тилде сөз айтканы үчүн. Казакстанга телефон чалганы үчүн.

Үйүндө китептери өтө эле көп болгону үчүн. Банк картасы бирден ашык болгону үчүн. Мамлекет уруксат бербеген музыканы укканы үчүн.

Жалаң эле тапанча менен эмес — чукулдук, күрөктүн сабы, аш бычак менен да өлтүрсө болот.

Албетте, «бийликти сындоо» сыяктуу оор кылмыштар үчүн эл алдында өлүм жазасына тартыш керек. Аянтка илип коюп, өлүгүн чиритип калтырып коюш керек. Бир мамыда мени, башкасына — кайсы бир шарттуу Данияр Айтманды, үчүнчүсүнө кайсы бир эпчил Айбек Баратовду — коркконго жараша баары коркуп эле жатып калсын.

Эгерде кыргыз бийлиги сөз эркиндигин муунтуп салгысы келсе 1970-жылдардын аягындагы Камбоджа диктатору Пол Пот сыяктуу аракет кылышы керек. Натыйжасы мына мындай болушу зарыл:

Пол Пот башкарган заманда Камбоджанын Туол Сленг түрмөсүндө өлтүрүлгөн кишилердин баш сөөктөрү.

Эгерде кыргыз бийлиги аны кыла албаса, анда эле сөз эркиндигин өлтүрө албайт, ал эми кайдагы бир «блогерлер жөнүндө мыйзамдары» менен богун аарчып алсын.

Айтаарым ушул.